Улуттук ядролук борбор экинчи «Токамак» реакторун ишке кошот

Дүйнөдө энергетикалык көз карандысыздыктан башкармалуу термоядролук синтез арылта алат. Казакстандагы Улуттук ядролук борбордун окумуштуулары ушул теория боюнча ири жумуштарды колго алган. Максатка жетүү үчүн улуттук ядролук борбордун окумуштуулары 20 жыл бою үзгүлтүксүз миңдеген изилдөөлөр менен тажрыйбаларды жасап келет. Адистердин божомолу боюнча, «Токамак» казакстандык орнотмосунун келечек энергиясын өндүрүүдө мүмкүнчүктөрү жогору.

ЕРЛАН БАТЫРБЕКОВ – КР УЯБ РКЭИ РМК ФИЛИАЛЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Адамзат плазманы кармап турууну үйрөнсө, анда жерде чакан күнгө ээ болот. Бир нече маселе чечилет. Себеби термоядролук синтез экологиялык таза кубат булагы. Ошондо ал түгөнбөйт. Бул багытта суутектин изотоптору пайдаланылат. Ал эми суутек океандын суусу сыяктуу. Аны өндүрүп алуу көп кыйынчылыктарды жаратпайт. Албетте, ал үчүн суутек чыгара турган ядролук технологияларга, жогорку температуралуу реакторлорго жетишибиз керек.

Азыр окумуштуулар казакстандык материал таануу «Токамакты» ишке кошуунун экинчи кезеңине даярдыкты башташты. Бул эл аралык ITER долбоорунун басымдуу багытка ээ демилгеси. Демек, келечекте термоядролук синтез адамга көз каранды  болот. Белгилей кетсек, реактор биринчи жолу «ЕХРО-2017» көргөзмөсүнө карай пайдаланууга берилген.

ДЕНИС ЗАРВА – КР УЯБ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ?

- Эки жыл мурда биринчи плазманы алганбыз. Ага чейин 2010-жылы сынак түрүндө ишке кошуп көргөнбүз. Ошол кездеги плазмалуу дүрмөтсүздөндүрүү «Токамакты» пайдаланууга берүү программасына төп келет. 

Дал ушундай изилдөөлөр дүйнөдө суроо-талапка ээ. Бүгүнкү күндө «Токамакты» биргеликте пайдалануу боюнча КМШ өлкөлөрү менен келишимдер жасалган. Өз кезегинде Казакстан реакторду киреше булагына айландырууга кызыктар.

БАУЫРЖАН ШЫКТЫБАЕВ КР УЯБ АТОМДУК ЭНЕРГИЯ ИНСТИТУТУНУН ФИЛИАЛЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Бардык изилдөөлөр дүйнөлүк илим үчүн абдан кызыктуу. Азыр Францияда ITER деп аталган сыналуучу термоядролук реактордун курулушу башталды. Ал ушундай реакторлордун ишке ашуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүсү керек. Ошентсе да, материалдык жактан чечилбеген маселелер арбын. Башкача айтканда, палазмага тиешелүү материалдардын тизмеси тандала элек. Ал эми биздин орнотмодо ушундай изилдөөлөр жүргүзүлөт.

«Токамакты» ишке кошуунун  жыйынтыктоочу кезеңи аяк оона айына мерчемделген. Андан кийин реактор комплекси толук пайдаланууга берилет.

Фото: khabar.kz