Касиеттүү жерге бара тургандардын саны өсүүдө

Казакстандын касиеттүү жайларынын картасына маданий, тарыхый жана табигый мурасынын 600дөн ашуун объекти киргизилди. Алматы облусунда касиеттүү жерлердин саны 58ге жетет. Аларды көрүүгө келген туристтердин катары да калың. Бул көрсөткүч жыл өткөн сайын өсүп жатат. Туристтер издеп бара турган жайлардын катарында Жаркенттеги өзгөчө үлгүдө салынган мечит да бар. Былтыр аны 3700 адам көргөн. 19-кылымда тургузулган объект казакстандыктар менен бирге, чет өлкөлүктөрдүн да кызыгуусун жаратат.

КӨРКЕМ РАХЫМГАЛИЕВА, МУЗЕЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Өзгөчө Польша жана башка өлкөлөрдөн көп сандагы туристтер келет. Туристтердин айтымында, Казакстандагы касиеттүү жерлер тууралуу буга чейин келип кетишкен досторунан, тааныштарынан угушкан.

Совет өкмөтү кезинде бул жерди аскерлердин жатаканасынан баштап, ат байлай турган короосуна чейин пайдаланышкан. Керек болсо, кампасы да болгон. Мечит биринчи жолу 70 жыл мурда изилденген. Натыйжада тарыхый имарат мамлекеттин камкордугуна алынган. Анын өзгөчөлүгү – мечит курулушунда бир дагы мык колдонулган эмес.

ЕРЖАН КАБЫЛБЕКОВ, ТАЛДЫКОРГАН ШААРЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Буга чейин келген эмесмин, биринчи жолу келип жатам. Абдан кызыктуу жана укмуштуудай жер. Кийинки жолу бул жерге үй-бүлөм менен келүүнү көздөп жатам.

ШУХРАТ КУРБАНОВ, РАЙОН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз элге 77 миллион теңгеге кызмат көрсөттүк. Бул ушул жылдын алты айына тишелүү. Аталган көрсөткүч былтыркы менен салыштырганда 2-2,5 миллион теңгеге көп. Көп сандагы туристтер мечитти көрүү үчүн келишет. Мындан сырткары ыйык даракка да барышат.

Алматы облусундагы туристтик комплекстерге былтыр 2 миллиондон ашуун адам келген. Быйыл Жетисунун табиятын көрүп, тарыхый жайларына барууга кызыктар 2 миллион 200 миң турист келет деп күтүлүүдө.

Фото: yvision.kz