Казакстандык биотехнолог уй сүтүнөн кымыз өндүрөт

Биотехнолог Баян Дүйсенбектин күн тартиби атайын лабораториясында сүт курамын изилдөөдөн башталат. Кызылорда облусунун жашоочусу баалуу жаңы өнүм түрлөрүн чыгаруу багытында изденүүдө. Ушуга чейин узак сактала турган ачыткы, жуураттан балмуздак чыгарган Баян эми уй сүтүнөн кымыз өндүрүүгө билек түрө киришип жатат.

БАЯН ДҮЙСЕНБЕК, ТЕХНОЛОГ:

- Уй сүтүнөн бөлүнгөн сары сууну пайдаланып, кымыз иштеп чыгарып жатабыз. Жылкынын сүтүнөн көп деле айырмачылыгы жок. Бул өнүм адам баласынын ден соолугуна абдан пайдалуу. Ички организмге, ашказанга оң таасир берет. Жалпылап айтканда уй сүтүнөн бөлүнө турган сары суу адам үчүн пайдалуу.

Адистердин айтымында, уй сүтүн кымыз өндүрүү үчүн пайдалануунун чоң артыкчылыгы бар. Биринчиден, бул бээ сүтүнөн бир нече эсе арзан. Экинчиден, уй сүтүн он эки ай бою иштетүүгө болот. Белгилей кетсек, жаңы өнүм азыркы тапта изилдөөлөрдөн өттү.

БАЯН ДҮЙСЕНБЕК, ТЕХНОЛОГ:

- Биз Алматы шаарындагы Улуттук биотехнологиялык борбор жана Агрардык университет менен биргеликте аталган суусундукту жасоо үчүн иш алып бардык. Бул жараян азыркы күнгө чейин уланып жатат. Бул иштер бүткөндөн кийин аталган кымызды чоң рынокторго чыгарабыз.

Адистердин айтымында, цех алдыдагы убакытта кубаттуулугун жогорулатып, өткөрүү рынокторун кеңейтүүнү максат кылып жатат.

САБЫР ЕРМАХАНОВ, ИШКЕР:

- 2016-жылы биз айыл чарба кооперативин уюштурганбыз. 750 төө, 285 уй, 150 жылкыны багып жатабыз. Таза өнүм болгондуктан суроо-талап да жогору. Ошондуктан биз малдын башын көбөйтүп, өнүмдүн көлөмүн жогорулатып жатабыз.

Азырынча бул цех жергиликтүү жашоочуларды жуурат, айран, курут, сыр сыяктуу 10 түрлүү сүт өнүмү менен камсыз кылып жатат.

Фото: aqmeshit-zhastary.kz