Сиверс алмасын сактап, көбөйтүү аракеттери

Алматы облусунда Жетисунун брендине айланган сиверс алмасын сактап, көбөйтүү жумуштары кызуу жүрүп жатат. Сиверс алмасы негизинен Иле менен Жуңгар Алатоосунун этектеринде, Тянь-Шань жана Тарбагатай тоосунун боорунда өсөт. Анын мындан 165 миллион жыл мурда пайда болгонун 2002-жылы британдык биолог-генетик Бэрри Джунипер аныктаган. Чет өлкөлүк окумуштуу жер бетиндеги бүткүл алмалардын ата мекени – азыркы Казакстан жери деген кортунду жасаган. Ушундай шарттарда  сиверсти сактоо эл аралык фонду түзүлдү. Жетису Алатоосунда бул алма түрүнүн гүлдөшү – өзүнчө бир укмуштуу көрүнүш. Бугу айында бул жер ачык кызыл гүлгө оронот. Эң башкысы – сиверстин гүлдөшүнө арналган фестивалды көрүүгө чет өлкөлүктөр көп санда келе башташты. Быйыл Жуңгар Алатоо мамлекеттик улуттук табигый сейил багына 500гө жакын турист келип кеткен.

АЙДАНА ТУРЫСБЕКОВА, ЖУҢГАР АЛАТАУ МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК ТАБИГЫЙ ПАРКЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ:

- Биздин сиверс алмасынын гүлдөшү Жапониядагы сакурадан кем эмес. Гүлдөшү абдан сонун, көз жоосун алат. Башкы максат – ушул сиверс алмасына, аткарылып жаткан коргоо жумуштарына элдин, өлкөнүн көңүлүн буруу. Бизде да ушундай байлыктар бар экенин көрсөтүү.

МЕЙРАМБЕК КАПАСОВ, МААЛЫМАТТЫК ТУРИСТТИК БОРБОРДУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Быйыл бугу айынын отуз биринде өкмөттүн токтому менен туризмди өнүктүрүүнүн 2019-2020-жылдарга арналган программасы кабыл алынды. Аталган программага Сиверс алмасы да кирди. Менин оюмча, эми туристтердин агымы өсөт.

Жуңгар Алатоосунун этегинде Сиверс алмасынын 40 чакты түрү кездешет. Ал деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте өсөт. Азыр сиверс көчөттөрү өткөн кылымдын 70-жылдары түзүлгөн Лепсы питомнигинде көбөйтүлдү. Анын аймагы 25 гектар. «Урукту чет жактан ташыбайбыз»,- дешет адистер.

 РУСТАМ САМИГУЛОВ, ТОКОЙЧУ:

- Сиверс алмасын өстүрөбүз. Уруктар ушул жерден жыйналган. Биологиялык препараттарды колдонбойбуз. Бардыгы табигый жол менен өсөт.

Жер бетиндеги бүткүл алмалардын атасы катары саналган бул жемиш түрү динозаврлар заманынан бери өсөт. Кийинки жылдары Кызыл китепке кирет. Белгилей кетсек, алманын бул түрү дүйнө жүзүнө көптөн бери белгилүү. 

Фото: Хабар 24