Түштүк Кореяда казак күрөшүнүн ыкмалары үйрөтүлдү

Күн чыгыш өлкөсүндө казак күрөшүнүн ыкмалары үйрөтүлдү. Чунджу шаарындагы жаштар лагерине Казакстандын, Кореянын, Бразилия, Түркия жана Монголиянын спортчулары келишти. Алар күжүрмөн согуш өнөрүн гана окуп үйрөнбөстөн, ар кайсы тилдерде кантип туура учурашуу, коштошуу жана ыраазычылык билдирүүлөрдү үйрөнүштү.

Белгилей кетсек, Жаштар лагери ЮНЕСКОнун күжүрмөн искусство боюнча эл аралык борбору тарабынан уюштурулган. Бул жердегилер бир жуманын ичинде бир гана казак күрөшүн эле эмес, монголдордун – бох, корейлердин – ссирым, түрктөрдүн – гюреш жана бразилиялыктардын капуэйро улуттук күрөштөрүн үйрөнүштү.

ХАННА ЧОЙ, ЮНЕСКОНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮЖҮРМӨН ИСКУССТВО БОРБОРУНУН АДИСИ:

-Эл аралык лагердин катышуучулары ар кандай күжүрмөн искусстволору менен таанышышты. Корейдин улуттук күрөшү – ссирым менен спортчулар монголдун бох жана казак күрөшүн бир аз өздөштүрүштү. Алар согуш өнөрү менен гана эмес, маданият, ошондой эле ар кандай тилдерде бир нече сөз түрмөктөрүн жатташты. Атүгүл алар дос болуп калышты. Мындай иш чаралар эл аралык күжүрмөн искусствосун илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем. 

Маалыматка ылайык, машыгуу учурунда Бразилиянын балбаны капуэйро менен күрөштүн окшоштуктары абдан көп экендигин белгиледи.

ВЕЛИНГТОН  НЕЛЬСОН ФЕРНАНДЕС, КАПУЭЙРО ЧЕБЕРИ

- Биз биринчи жолу Казакстандын өкүлдөрү менен жолугуштук. Алар кандай гана жөнөкөй, билимдүү жана бактылуу эл экендигине суктандык. Биз казак күрөшү менен капуэйронун көптөгөн окшоштуктарын байкадык. Биз эки өлкөнүн федерациялар ортосунда мамиленин өнүгүшүн каалайбыз.

ЕРБОЛ МЫРЗАБОСЫНОВ, КРНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МАШЫКТЫРУУЧУСУ:

-  Казак күрөшүнүн эрежеси башка чет элдик күрөштүн түрлөрүнө окшошуп кетет. Мисалы дзюдо, самбо же эркин күрөш. Ыкмалары абдан окшош. Мисалы жакында эле Монголияда Азия чемпионаты өттү. Анда сегиз салмактык даражада үч казакстандык балбан жеңишке жетишти.

Кореянын Чанджу шаарында казакстандыктар башка федерациялар менен тажрыйба алмашуу боюнча макулдашты. Эл аралык кызматташтык казак күрөшүн дүйнө жүзүнө таанымал спорт түрүнө айлантууга көмөктөшөт жана бул өнөрдү Олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө жакындатат.

Фото: Хабар 24