Казакстанда жаңы технология менен иш алып барган телескоп ишке кошулду

Казакстанда жаңы технология менен иш алып барган телескоп ишке кошулду. Бул ата мекендик астрофизиктерге космостогу гамма кубулуштарды оңой көзөмөлдөөгө жол ачат. Диаметри 70 сантиметрлик укмуштуудай түзмөк Ассы-Түргөн обсерваториясында орун алган. Орнотмо болгону, 8 секундда космос кубулуштарын тартып жетишет. Жаңы түзмөк Казакстан жана АКШ астрофизиктеринин биргелешкен иши.

АСЫЛХАН БИБОСЫНОВ, В.Г.ФЕСЕНКОВ АТЫНДАГЫ АСТРОФИЗИКАЛЫК ИНСТИТУТТУН МҮДҮРҮ:

- Бул телескоптун бир өзгөчөлүгү – анын ылдамдыгы. Оптикалык комплекс космостогу өтө тез кубулуштарды тез арада каттайт. Эми жогорку ылдамдыктагы интернет кошууну мерчемдеп жатабыз. Дүйнөлүк телескопторду орноткон кезде бул абдан маанилүү. Ал жерде орнотмону дүйнөнүн каалаган бурчунан башкарууга болот.

Бир түндө 200 галактиканы тартууга мүмкүнчүлүк берген телескоптун маалыматтарына чет өлкөлүк окумуштуулардын да кызыгуусу жогору.  Ассы Түргөн обсерваториясынын аймагында мындан башка 3 телескоп бар. Азыркы тапта астрофизикалык институтунун алкагында 3,6 диаметрлүү телескоп кураштыруу боюнча инвестордук долбоорлор даярдалууда. Ал эми, 57 тонналык бул телескоптун диаметри – 1,5 метр. Бүгүнкү күндө анын жардамы менен немис окумуштуулары экзопланеталарды издөө долбоорун ишке ашырууда.

МАКСИМ КРУГОВ, В.Г.ФЕСЕНКОВ АТЫНДАГЫ АСТРОФИЗИКАЛЫК ИНСТИТУТТУН ИНЖЕНЕРИ:

- Мурунку менен салыштырганда, бул телескоп 16 эсеге көп көрөт. Башкача айтканда, бул Казакстандагы эң оор телескоп гана эмес, аны  менен бирге, космосту изилдөөгө арналган эң ири орнотмо десек болот. Алдыдагы убакытта биз алыстыктан башкарууну жолго салууну мерчемдеп жатабыз.

NASA космос агенттигинин адистеринин айтымында, Ассы-Түргөн обсерваториясы космос кереметтерин изилдөө үчүн абдан ыңгайлуу жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3 миң метрге жакын бийитикте жайгашкан объект асман материяларынын кыймылын, ай менен күндүн тутуулусун жана башка да космостук кубулуштарды ачык көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Фото: informburo.kz