Сөксөөл токойлорун сактоо

Сөксөөл токойлорун сактоо - Казакстан экологиялык коомчулугунун маанилүү милдети. Өлкөдө аталган өсүмдүктү кыюуга тыюу салынганы узартылганы белгилүү. Казакстан аймагындагы чөлдөшүүгө каршы күрөшүүдө Сөксөөл токойлору абдан керек, - дейт био ар түрдүүлүктү сактоо фонду дирекциясынын жетекчиси жана Казакстан экологиялык уюмдар ассоциациясынын мүчөсү Асылхан Асылбеков. Анын айтымында, сөксөөл эки тоннага чейин кумду кармап тура алат. Жыл сайын Арал деңизинин кургап калган түбүнөн шамал менен 80 миллион тоонага чейин туз көтөрүлөт. Сөксөөл болсо, жер бетиндеги топуракты кармап турууга жана чөлдөшүүгө жол бербөөгө мүмкүнчүлүк берет. Гранттык долбоордун алкаганда Арал деңизинин кургаган түбүнө үч миллион 640 миң көчөт отургузулду. Ушул максатта Түштүк Кореянын токой кызматы Казакстанга 1 миллион 700 миң доллар бөлгөн.

АСЫЛХАН АСЫЛБЕКОВ,  КР БИО АР ТҮРДҮҮЛҮКТҮ САКТОО ФОНДУНУН ДИРЕКЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ, КР ЭКОЛОГИЯЛЫК УЮМДАР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Эгерде бир адам сөксөөлдү сатса жана ал абдан кургаган болсо, ага салына турган айып пул өлчөмү 200 айылык эсептик көрсөткүчкө барабар болот. Ал эми дарак жаңыдан кесилген болсо, 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Ушул аракеттердин бардыгы Өкмөт тарабынан жасалып жаткан так кадамдар. Быйылкы жылдын жазында биз 5 миң гектар жерге сөксөөл отургуздук. Өткөн жылы  Кызылорда облусундагы Арал деңизинин кургаган түбүнө 5 миң гектар отургуздук. Ал эми быйыл 800 гектар жерге сөксөөл отургузуу мерчемибизде бар. Ушул күздө жарым миллион, балким миллионго жакын көчөт отургузабыз.