Казакстанга Грузиядан келген туристтердин саны 75 пайызга өскөн

Казакстан дүйнө саякатчылары үчүн жагымдуу. Өткөн жылы өлкөгө келген туристтердин саны 8 миллиондон ашкан. Чет өлкөлүктөрдү Казакстандын көз жоосун алган табияты, тарыхый эстеликтери, көчмөндөрдүн каада-салттары менен маданияты кызыктырат. Өлкөгө келүүчүлөрдүн санынын өсүшүнө Казакстандын визалык режимди жеңилдетүү багытында кабыл алынган аракеттери өз таасирин тийгизип жатат. Бүгүнкү күнү дүйнөнүн 60тан ашуун мамлекетинин жарандары Казакстанга визасыз кире алышат. Алардын катарында Грузия да бар. Туристтик компаниялардын маалыматына ылайык, акыркы бир жылда Грузиядан агылган туристтердин саны 75 пайызга өскөн.

 МОНИКА ВАТИБАШВИЛИ, ТУРИСТТИК АГЕНТТИКТИН КЫЗМАТКЕРИ:

- Мурда грузиндер Казакстанга иш сапарлары менен гана барышса, азыркы тапта бул өлкө курорттук аймак катары кызыктырат. Саякатчылдардын көбү Түркистан шаарын тандашат. Тарыхы тереңде жаткан байыркы шаар архитектуралык эстеликтер менен мечиттерге бай. Аны менен катар Казакстан кооз табияты менен көз жоосун алат.

Грузиндерди Казакстандагы Жибек жолунун боюнда жайгашкан байыркы шаарлар кызыктырат. Ал эми, казакстандыктар ал жакка негизинен кышкы эс алууда же санаторийлерде эс алуу үчүн барышат. Эми алардын катарына тарыхый туризм кошулары шексиз. Анткени грузиндердин жеринде казактардын ата-бабалары – кыпчактардан калган эстеликтер көп. Бул кырдаал эки багытта тең туристтер агымын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүк, дейт «Бабалар изи менен» илимий экспедициясынын мүчөлөрү. Тарыхый жайларга атайын турларды уюштуруу, көчмөндөр маданиятынын фестивалы, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү турист алмашууга мыкты түрткү берет.

САПАР ИСКАКОВ, «БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН» ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Грузиндер биргеликте тасма тартууга макул. Алар казактар да, грузиндер да тарыхты билишсе дешет. Бирдиктүү тарыхый эстеликтерди тургузуу керек. Музей иши тармагында иш алып барып, экспонаттар менен алмашуу зарыл.

Эки мамлекет орток тарыхый мурастарды кенен жайылтууну колго алышса,  Казакстан менен  Грузиянын ортосундагы туристтик мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлөт, - дейт экспедициянын башчысы.                      

Фото: kapital.kz