Улуттук музей чет өлкөлүк туристтерди кызыктырат

Казакстан чет өлкөлүк саякатчылар үчүн санжыралуу тарыхый жана баалуу маданий мурасы менен кызыктуу. Өлкөгө келген чет элдиктердин көпчүлүгү казак элинин байыркы казынасы чогулган Улуттук музейге баш бакпай кетишпейт. Таанып-билүүчүлүк  экскурсиялар чет өлкөлүк конокторго түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу үчүн казак, орус, англис, кытай, түрк тилдеринде жүргүзүлөт.

МАЙРА ТУРСЫН КЫЗЫ, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Чет өлкөлүк туристтер биздин эгемендүүлүккө ээ болгондон кийнки тарыхыбыз менен жакшы тааныш. Андан мурунку тарыхты жакшы билишпегендиктен, музейге келип, экскурсиянын алкагында байыркы кезең тууралуу маалыматтарга ээ болуп, биздин тарыхыбызга болгон кызыгуусу өсөт. Чет өлкөлүктөрдүн көп сураганы - Казакстан аймагында табылган «Алтын адам».

Быйылкы жылдын алгачкы жарым жылдыгында руханий азык жайын көрүп кетишкендердин 10 пайыздан ашуунун чет өлкөлүк туристтер түзгөн. Ушул аралыкта былтыркы жылдын көрсөткүчтөрү багындырылып, 21 миңден ашуун башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү экспонаттардын маанисине терең үңүлүп, маалыматка ээ болуп кайтышкан.

ВЛАДИМИР ЮСТУС, ТУРИСТ, ГЕРМАНИЯ:

- Казакстанга турист катары келгиси келген жарандарга өлкөнүн чыныгы тарыхы менен таанышуу үчүн биринчи кезекте Улуттук музейди кыдырып чыгууга кеңеш берер элем. Бул жерде байыркы доордон кабар берген экспонаттар менен жакыныраак таанышуу үчүн бардык шарттар жасалган.

Белгилей кетсек, Улуттук музей – Борбор Азиядагы эң жаш жана ири музей. Имарат өзгөчө формасы менен алыстан  көзгө урунат. Жети блоктон турган тогуз кабаттуу уникалдуу комплексинин он төрт экспозициялык залы бар. Илимий-изилдөө институту менен экспонаттарды калыбына келтирүү чеберканасы иштейт. Максат – бир. Улуттук тарыхты түгөлдөп, жаңы беттерин ачуу.

ДАУЛЕТКЕРЕЙ КУСАЙЫНОВ, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Бул Улуттук музей болгондуктан, аталган жерде биздин мамлекетибиз тууралуу, ошондой эле, казак эли жана анын маданиятынан кабар берген экспонаттар кенен коюлган. Белгилей кетүүчү жагдай, мында бардыгы камтылган. Бул эң байыркылар, коло доору, сактар мезгили, заманбап кезең жана биздин космонавтарыбыздын учуусу.

Азыркы убакытта Улуттук музейдеги бардык экспонаттардын саны эки жүз миңден ашат. Фонд ар дайым төрт канал боюнча жаңырып турат. «Улуттук музейге белек берүү» акциясынын алкагында эле алардын катары төрт миңден ашуун баалуу экспонат менен толукталган.

Фото: mustvisit.world