Билимдүү адистер ар дайым суроо-талапка ээ

Билимдүү адистер ар дайым суроо-талапка ээ. Казакстандык жана эл аралык жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу менен Нур-Султанда өткөн «Job fair-2019» иш-чарасы буга далил. Жарманкеге 80ден ашуун жумуш берүүчү жана болжол менен 500гө жакын жаш адис катышты. Экономиканын мунай-газ, IT, космостук жана өнөр жайлык инженерия, билим жана илим, медицина тармактарында иштеген эл аралык жана жергиликтүү ири компаниялардын өкүлдөрү Казакстандын  жана дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларын аяктаган бүтүрүүчүлөр менен баарлаша алышты. Муну менен бирге иш-чара алкагында жумуш издөөчүлөргө арналган чебер класстар, тренингдер уюштурулду.

ДИНАРА АБИШЕВА, ЖУМУШ ИЗДӨӨЧҮ:

- Мен бүгүнкү «Job fair 2019» жарманкесине өз кесибим боюнча жумуш табууга келдим. Казакстанга келгениме бир жума болду. Магистратураны бүтүрүп, диплом алдым. Эми жумуш табам деп үмүттөнөм.

АКМАРАЛ ЕСКАРАЕВА, «CAREER CENTRE» МҮДҮРҮ:

- Бул жарманкени өткөрүүгө жумуш берүүчүлөр тарабынан болгон жогорку суроо-талап себеп болду. Алар бизге жогорку билимдүү адистерди табууга жардам бериңиздер деп кайрылышат. Аталган саамалык жумуш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөр жолуга ала турган эң сонун аянт. 

Фото: bestnews.kz