«JASA» жаштар долбоору

Социалдык жигердүүлүктү жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатуу – бул Казакстандагы жаштар саясатынын маанилүү тармагы. Республикада жаштар жылынын алкагында «JASA» жаштар долбоору иштелип чыгууда. Анын алкагында жаш жарандар аймактарда жана айылдарда өздөрүнүн социалдык долбоорлорун ишке ашыра алышат. Республиканын бардык аймагынан программага 600 катышуучу тандалып алынды. Анда коомчулукка пайда алып келе турган демилгелерге 100 чакан грант бөлүү каралууда. Долбоордун алкагында Нур-Султанда Жаштар иштери боюнча кызматкерлерди окутуунун экинчи баскчы башталды, ага 68 адис катышты. Аларга маанилүү милдет жүктөлгөн –дымактуу жаштарга өз демилгелерин ишке ашырууга жардамдашуу.

АРСЕН КАМБАЛОВ, «JASA» ДОЛБООРУНУН ПРОГРАММАЛЫК АДИСИ:

– Үч күндүк тренинг ишинде Беларустун эл аралык серепчилери, Улуттук машыктыруучулар Жаштар демилгелерин жүргүзүүдө жана коштоп жүрүүдө тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар долбоордук менеджмент, долбоордук багыт, долбоорго кандай максат коюу,  ошондой эле ментордун же коучтун жаш адамдары менен өз ара иш-кыймылы принциптери тууралуу.

Фото: jashome.org