“Улуу талаа Өлкөсү боюнча” Жибек жолунун уникалдуу экспедициясы

Казакстанда “Улуу Талаа Өлкөсү боюнча” экспедициясы аягына чыкты. Европалык саякатчылар  республиканын касиеттүү жайларын өздөрүнө ачуу үчүн  4000 миң чакырымдан ашуун жерди басып өтүштү. Саякатчылар Улытау көчмөн цивилизациясынын чок ортосуна, Алтын Емел мамлекеттик улуттук табигый паркына, Алакөл дарылык көлүнө барышты, ошондой эле, бийиктиги 1133 метр Акмешит чокусуна чыгышты. Алар экскурсия Жошы хан, Домбауыл, Алаш-хан күмбөздөрү менен 18-кылымда Абай Кунанбаевдин атасы салган мечитке ат тизгинин бурушту. Саякатчыларга курчаган табият, касиеттүү жайлар менен жергиликтүү жашоочулардын меймандостугу өзгөчө таасир берди. Европлыктардын пикиринде, бүгүнкү күндө Казакстан жогорку туристтик мүмкүнчүлүккө ээ.

КРИСТИНЕ МУТТОНЕН, АВСТРИЯ-КАЗАКСТАН КООМУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз казактын улуу акыны Абай жашаган жана иштеген жерлерди көрдүк. Керек болсо анын ырларын окуп, өзгөчө сезимдерге бөлөндүк. Байыркы атмосфераны сездик.  Андан кийин биз көлгө бардык. Ушундай шарттарда Алматыдан Балкаш аркылуу Нур-Султанга кайра кайттык. Жеке мен үчүн биздин экспедициябыздын эң жаркын көз ирмемдеринин бири «Алтын Емел» улуттук паркы болду.

Фото: egemen.kz