Казакстандагы мугалимдердин лидерлигин колдоо

Казакстанда мугалимдердин лидерлигин колдоого багытталган билим берүү ыкмасы ишке берилет. Британдык жетекчи серепчилер өнүккөн Эл аралык долбоор өлкөдө алгач ирет 2016-жылы сынактан өткөн. Дэвид Фросттун 30 жылдан ашык эмгек сиңирген автордук концепциясы, эки жыл ичинде республиканын 8 мектебинде ийгиликтүү сынактан өттү. Быйылкы жылы инновациялык программаны Нур-Султан, Алматы, Тараз жана Көкшетаунун 16 мектебинде ишке берүү мерчемделүүдө.

ДЭВИД ФРОСТ, HERTSCAM NETWORK ПРОФЕССИОНАЛ КООМДУК КЕҢЕШИНИН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ ЖАНА МҮЧӨСҮ /УЛУУ БРИТАНИЯ/

- Биз үч жыл бою долбоорду ишке ашыруу жолун изилдеп, бүгүн ушул долбоорду баштаганы турабыз. Долбоор баштапкысында эл аралык даражада иштелип чыккан. Бирок аны биз өзүбүзгө карата ылайыктап алдык. Көкшетау менен Тараз мектептеринде эки пилоттук долбоор жүргүздүк. Бул сынак түрүндө жүргүзүлдү. Системанын кандай иштеп жатканын көрүп, механизмдин өзүн, долбоор курулушу менен казакстандыктарга ылайыктап жасадык.

Серепчилердин айтуусунда, мугалимдердин лидерлигин өнүктүрүү боюнча иш жаңы технологияларды сынактан өткөрүү, заманбап окутуу системасындагы аналитикалык жана чыгармачылык жолдорунан турат. Жалпы ушул методиканы окутуу программасы мугалимдердин семинарларга, конференцияларга, кеңештерге жана мектеп жолугушууларына катышуусуна негизделген.

ҚУРАЛАЙ МУКЫШЕВА, НУР-СУЛТАН ШААРЫ №79-МЕКТЕП ЛИЦЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

-Бул долбоор кыска убакыттуу болбойт. Бул долбоор узак мезгилдүү. Сынактын уюштуруучулары атайын окуудан өткөндөрдү, мугалимдерди байкап, алардын натыйжаларын көрүп, ошол жыйынтыктары менен, албетте, биз мүдүрлөр менен тааныша турган болобуз. Биз абдан кубанычтабыз. Анткени биздин жамаатка келе турган башка мугалимдерди атайын окуудан өткөндөр үйрөтөт.

АРДАК СМАГУЛОВА, АЛМАТЫ ШААРЫ №8 МЕКТЕП-ЛИЦЕЙІИНИН  МҮДҮРҮ:

-Тек, башчы-лидерлерди гана эмес, лидер-окутуучуларды да даярдоо керек. Эмне себептен? Анткени лидер-окутуучу жаңы багытта мугалим жаңы ойлору менен өзүн өзү таануунун жаңы багыттарын аныктоого калыптандырат. Ар бир окуучу ушундай мугалимдин сабактарынан кийин алга карай жүрүүнү, өзүн өзү өнүктүрүүнү үйрөнө алат. Муну пилоттук долбоор алкагында даярдык, бул мугалимдин өзүнүн жеке позициясынан пайда болгон лидерлик эмес, ошондуктан бул долбоор Казакстанда өзгөчө болуп эсептелет.

Долбоор иштеп чыгуучулардын айтусуунда, «Мыкты мугалим» программасы бүгүнкү күндө дүйнөнүн 15 өлкөсүндө ийгиликтүү түрдө колдонулат. Анын ичинде Жаңы Зеландия, Португалия, Македония, Түркия, Греция, Молдова, Ирландия жана Катар өлкөлөрүндө ишке ашыруу мерчемделүүдө.

Фото: sputniknews.kz