Грузияда Дидгороба майрамына "Бабалар изи менен" илимий экспедициясынын мүчөлөрү катышты

Грузияда Дидгороба майрамы белгиленди. Ал улуттук биримдик жана жеңиштин белгиси катары эсептелет. 1121-жылы грузиялык падыша Давид төртүнчү кыпчактардын ханы Артык менен түрк-селжуктарга чабуул жасап өлтүрүшкөн. Бул күндүн урматына жыл сайын салтанатту иш чара өткөрүлөт. Быйыл ага элдик ырларды аткарган "Бабалар изи менен" илимий экспедициясынын мүчөлөрү катышты.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, бул салгылашта Улуу талаадан келген 200 миңге жакын көчмөн колдоо көрсөткөн.  Жеңиштен кийин падыша Давид төртүнчү көчмөндөр менен өз ара карым-катнашты бекемдөө үчүн, аларга колдон келген жагымдуу шарт түзүп, мал үчүн мыкты жайыттарды берген.

САПАР ИСКАКОВ, “БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН” ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул согушта биздин ата-бабалар биргеликте салгылашкан. Алардын каны төгүлгөн жерде ысымдары түбөлүккө сакталууга тийиш. Кыпчактар тарабынан канча, грузиндер тарабынан канча, осетиндер тарабынан канча деген адамдар салгылашты.  Эгер биз эки элдин ортосунда тыгыз байланыш орноткубуз келсе, биздин борборубузда жана Тбилисиде мындай эстеликтерди орнотуу керек. Казакстанда да мындай эстеликтер болгон. Эгер биз ошол жерлерде ушундай чоң комплекстерди куруп алсак, анда жаштардын мекенчилдик рухун ойгото алат элек.

Фото: Хабар 24