Орусияда казак элинин улуттук маданияты даңазаланды

Орусияда казак элинин улуттук маданияты даңазаланды. Мындан эки кылым мурда биринчи казак уруулары жашаган Челябинск облусунун Верхнеуральск шаарында бүгүнкү күндө 3,5 миңдей казак жашайт. Негизинен алар мал чарбачылык, ишкердик менен алектенишет. Орусиялык казактар улуттук каада-салттарды бекем кармашат. Аны Түштүк Орал аймагында жыл сайын өткөрүлгөн «Туулган жер» фестивалынан байкоого болот. Каз-катар тигилген боз үйлөр, улуттук кийимде ыр ырдап, кызмат көрсөткөн кыз-жигиттер, ат жарыш, балбан күрөш - кадимки бир казак айылындагы кызыкка туш болуп калгандай таасир калтырат. Бул тойго  Костанай облусунун өкүлдөрү да өз тартуулары менен келишкен.

АЛТЫН ӨТЕГЕНОВА, КОСТАНАЙ ОБЛУСТУК ДОСТУК ҮЙҮНҮН ӨКҮЛҮ:

- Бүгүнкү күндө кайра жаңырып жаткан нерселердин бардыгынын каймагын калпып, жаштарга сунуштай билүү керек. Биз үчүн бул абдан маанилүү нерсе. Бабалардан калган мурасты, каада-салтты, үрп-адатты муундан-муунга көздүн карегиндей сактап, өткөрүп беришибиз керек.

АЙНУР ЖАДЫРОВА, КОСТАНАЙ ОБЛУСТУК ДОСТУК ҮЙҮНҮН ӨКҮЛҮ:

- Бул жерде бешик турат. Азыр биз жаңы төрөлгөн баланы кантип бешикке бөлөө керектигин көрсөтөбүз. Бул жерде казактын оймо-чиймелери бар жууркандар, биздин ата-бабаларбыз кийген чапандар жана баш кийимдер бар.

Аны менен катар иш-чаранын алкагында «Менин чоң энем мыкты» аттуу жарыш, чай даярдоо, жайма жаюу сынактары уюштурулду. Ар кандай улуттук тамактарга бай дасторкондун ичинен мыктысын аныктоо калыстар үчүн оңой болгон жок.

ГҮЛСАРА ТУРГЫНОВА, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ:

- Курут, быштак, май, каймак. Ушулардын бардыгын, ата-баба мурасын ушул убакка чейин жоготпой алып келе жаткан кыз-келиндердин, апаларыбыздын алдында башыбызды ийебиз. Баалоо чындыгында оор. Ар бир дасторкон абдан бай.

Аталган саамалыкта төрт туягынан чаң чыккан ат жарышы уюштурулду. Улуттук каада-салтты даңазалган тойго коңшу өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 5 миңден ашуун адам катышты.

Фото: Хабар 24