Астана токою кеңейтилди

Казакстандын борборун жашылдандыруу 2021-жылга жаңы өсүшкө жетет. Алдыдагы убакытта  борбордогу жашыл аянтты эки эсеге көбөйтүп, 30 миң гектарга жеткирүү мерчемделүүдө. Азыр долбоорлоо иштери колго алынды. Бул калаанын экологиялык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Быйылкы жылы 511 миң түп тал отуругузулду. Кайың-карагай жайгашкан токойдо дарактардын 36 түрү өсөт. Арасында карагат, чие сыяктуу мөмө-жемиштер да бар.

АРДАК ХАСЕНОВ, «АСТАНА ТОКОЮ» МЕКЕМЕСИНИН БАШ АГРОНОМУ:

- Теке, баш оона айларында биз токойду зыянкечетерден коргосок, азыр талаа өртүнөн коргоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Нур-Султан калаасында жашыл аймактар боюнча 6 күзөт бар. Анда 40 адам  жана 6 суу ташый турган унаалар сутка бою иштейт. 

Эми гана өсүп келе жаткан тал-теректерге өзгөчө камкордук керек. Быйыл жаан-чачындын аздыгына байланыштуу кызматкерлер тынымсыз иштөөгө мажбур. Таң эрте, күн батканда дарактар сугарылып, токой аймагы кеңейтилүүдө. 

ДАМЕТАЙ СУЛЕЙМАНОВА, КЫЗМАТКЕР

- Астана токоюнда бир нече жылдан бери иштеп келем. Бул арча, бак-дарактар жакшы өсүп турса абдан кубанабыз.

Мындан 20 жыл мурун борборго эгилген тал-чыбыктар азыр бийик дарактарга айланды. Жалпы аймагы 15 миң гектар жашыл аймак келечекте кеңейтилсе, ар бир жаранга 250 чарчы метр токой аянты тиешелүү болот. Ал эми бул толугу менен эл аралык талаптарга жооп берет. Бул ушул багыттагы иштердин натыйжасы болуп саналат.

Фото: bnews.kz