«Kazakh Tv» «Turksat» жандоочу аркылуу маалымат тарата баштады

«Кazakh TV» Казакстандын улуттук жандоочтук телеканалы эми «Turksat» жандоочу аркылуу да жеткиликтүү болот. «Хабар» Агенттиги дүйнөнүн алдыңкы жандоочтук операторлорунун бири менен маалымат таратуу тууралуу келишимге кол койду. Баш оона айынын тогузунан «Turksat» жандоочу аркылуу «Кazakh TV» каналынын көрсөтүүлөрү тартууланат. Казакстандын маалыматтык-таанып-билүүчүлүк улуттук каналы Түркия өлкөсүнүн аймагындагы спутниктиктик теле өнүмүн 20 миллиондук аудиториясына өз жаңылыктарын таратууга жетишти. Белгилей кетсек, «Turksat» аталган мамлекеттеги эң ири операторлордун бири катары саналат. Компаниянын телекоммуникациялык кызматтарынын географиялык масштабы кенен, ал Азия менен Африка мейкиндигин толук камтыйт.