Индонезиялык туристтер Казакстанга келишти

Борбор Азия – бүткүл дүйнөнүн саякатчыларын өзүнө тартып турган борбор катары саналат. Индонезиядан келген туристтердин тобу Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына келишти. Түштүк-Чыгыш Азиянын жашоочулары эки унаа менен 52 өлкөнү кыдырып,  континентке уникалдуу саякат жасоону максат кылышкан. Ал эми алардын Борбор Азия менен таанышуусу Казакстандан башталды. Келген туристтер борбордун көз жоосун алган архитектурасы жана руху дароо жаңы эргүү бергенин белгилеп өтүштү. Нур-Султандан кийин авто турдун катышуучулары Өзбекстан менен Кыргызстанга карай багыт алышат.

ИИП АМИНУЛЛОХ, ТУРИСТТЕР ТОБУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

-Биз 2018-жылдын бугу айынын жыйырмасында сапарыбызды баштаганбыз. Ушул убакытка чейин 39 өлкөдө болдук. Нур-Султан укмуштуудай жаңы шаар, Казакстандын жаш борбору, менин оюмча, бул жерде туристтик мүмкүнчүлүктөр арбын. Индонезиялыктар үчүн эң сонун жер. Бул жерде көптөгөн жаңы жерлерди көрүүгө, айрыкча маданиятты таанууга мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин тобубузда операторубуз бар, сапарыбыздын аягында биз атайын тасма чыгарабыз.