Абайдын 175 жылдыгы: «Абай-Шакирим» комплексинде оңдоп-түзөө жумуштары колго алынат

Кийинки жылы казактын улуу акыны, жазуучу, коомдук ишмер Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракеси масштабдуу белгиленет. Ага  карата ар кандай масштабдуу маданий иш-чараларды уюштуруу мерчемделген. Ошондой эле, бир нече мемориалдык компекстерде, анын ичинде «Абай-Шакирим» комплексинде оңдоп-түзөө жумуштары колго алынат.

ЖАНДОС АУБАКИР, АБАЙ МАМЛЕКЕТТИК КОРУК МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- 200 миллион теңге бөлүүнү мерчемдеп жатабыз. Бул каражат аталган комплексти толук оңдоп-түзөөгө жумшалат. Биз Абайдын мурасына терең маани берип жүргөндөргө шарттарды түзүшүбүз керек. Бизге чет өлкөлүк коноктор жана ата мекендик туристтер көп келишет. Башкача айтканда, Абайдын мурасы менен жакындан таанышуу үчүн келгендер. Ошондуктан бул музей эл аралык класстагы, заманбап комлпекс болушу керек. ъ

Абайдын урпагы Кусман Берлешов бул саамалык – өлкөнүн абройун даңазалап, дүйнөгө дагы бир жолу таанылууга мүмкүнчүлүк түзөт дейт. Улуу акындын туулган жерине чет мамлекеттердин туристтери агылат. Анткени Абай Кунанбай уулун бир гана Казакстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө тааныйт.

КҰСМАН БЕРЛЕШОВ, АБАЙДЫН УРПАГЫ:

-Абайдын чыгармачылыгын көп элдер жакшы көрөт жана урматташат. Мисалы үчүн, Германиянын жашоочулары. Көпчүлүк анын ырларын жатка билишет. Немистер Абайды улуу Гёте менен салыштырышат. Абай – казак элинин жан дүйнөсү. Ал эми анын “Кара сөздөрү” дүйнөнүн жана адамдардын баалуу багыты болуп калды.

Улуу акындын туулган жери Жидебайга күн сайын ондогон турист келет. Ал эми, жай мезгилинде бул көрсөткүч жүзгө чейин жетет. Семей шаарынан 180 чакырым алыстыкта жазуучунун музейи жайгашкан. Бул үйдү 124 жыл мурун акын өзү тургузган. Ал бүткүл өмүрүн ушул жерде өткөрүп, чыгармачылык менен алектенген. Азыркы тапта музейге келүүчүлөр акындын жеке заттарынан 50дөн ашуун баалуу экспонатты көрө алат. Улуу Абайдын бай мурасын толук кандуу изилдөө максатында Маданият жана спорт министрлиги бул жердеги мол мурасты үч тилдеги аудиогид, мультимедиялык орнотмолор аркылуу жаш урпак менен чет өлкөлүк коноктордун назарына жаңыча сунуштоону мерчемдеп жатат.