Казакстан чет өлкөлүк туристтер үчүн тартымдуу өлкө

Көз жоосун алган табият, бай флора жана фауна, тапталган атка минип, тайганды эрчитип, алгыр куштар менен аңуулап, мүнүшкөрлүк кылуу. Көчмөндөрдүн турмуш-тиричилик салттары менен таанышып, улуттук тамактардан ооз тийүү. Эко жана этнографиялык туризм багыттарына кызыккан саякатчылар өткөнүн сактай билген Казакстанды көрүп кайтууга куштар. Былтыр эле өлкөгө 8,5 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келген. Бул 2017-жылга карганда 10 пайызга көп. Адаттагыдай, орусиялыктардын саны басымдуу. Ошондой эле Германия, Франция, Польша сыяктуу Европа өлкөлөрү менен бирге Малайзия, Корея жана Индия сыяктуу Түштүк Чыгыш Азия жарандарынын кызыгуусу да өсүп келе жатканы байкалууда.

КАЙРАТ САДУАКАСОВ,  «KAZAKH TOURISM» УК АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Визасыз режими жана түз аба рейстери бар өлкөлөрдүн жарандары Казакстанга абдан кызыгып жатышат. Ошондой эле «ЭКСПО-2017» ири эл аралык иш-чарасы да Казакстандын белгилүүлүгүн жогорулаткан. Бугу айынын аягында туризмди өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программа кабыл алынды. Аталган документ жалпы туризм кызматтарын жакшыртып, тармак адистеринин билимдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

Буга катар быйыл Азербайжан, Жапония жана АКШ өлкөлөрүнөн түз аба рейстерин ачуу мерчемделип жатат. Бул дагы туристтик агымды жогорулатуунун аракети. Себеби аталган мамлекеттерден келе турган жарандардын саны өсүп жатат. Казакстан тышкы өлкө жарандарына жалпы Борбор Азия аймагынын маанилүү бөлүгү катары белгилүү. Ушул багытта Улуу жибек жолу долбоору колго алынган. Туристтер байыркы соода кербенинин изи менен басып, тарыхый-маданий жайлар менен тааныша алат.

КАЙРАТ САДУАКАСОВ,  «KAZAKH TOURISM» УК АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстан Жибек жолунун маанилүү тармагы катары көпчүлүккө маалым. Түштүк Казакстандын бардык аймагында муну далилдей турган эстеликтер арбын. Тарыхый жана ыйык жайлардын көбү ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кирген. Аны чет өлкөлүк туристтер да жакшы билишет. Бир гана сапар менен бир нече өлкөнү камтый турган Жибек жолун кыдырып чыгууну каалашат.

Ошондуктан эл аралык интеграциялык карым-катнаштын алкагында Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда «Жибек жолу» аттуу бирдиктүү туристтик виза түзүлдү. Азыр бул демилгеге орток байыркы кербен изи боюндагы өлкөлөрдү киргизүү караштырылууда.