Казакстан жана Тайланд: Билим берүүдөгү кызматташтык

Казакстан менен Тайланд билим берүү чөйрөсүндө жигердүү кызматташууга белсенүүдө. Тайланддын элчилигинин өкүлдөрү өлкөнүн ата мекендик ЖОЖдордун биринин жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда бул багытта кызматташууну тереңдетүү ниетин талкуулашты. Падышалыктын элчиси Расс Джаличандра тараптар Тайландда казакстандык студенттерге билим берүү стипендиясын берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашканын билдирди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстан ушул сыяктуу Орусия, Кытай, Индия мамлекеттери менен билим берүү алакаларын орноткон. Эми Тайланд менен келишимге жетишүүнү мерчемдеп жатат.

РАСС ДЖАЛИЧАНДРА, ТАЙЛАНД ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Казакстандык университеттин жетекчилиги ЖОЖдун бардык артыкчылыктары менен тааныштырды. Бул жолкусунда Тай студенттерин бул жерге тартуу жана Тайландда казакстандык студенттерди окутуу идеясы тууралуу талкууладык.

Тайланд курорттор жана өзгөчө айкел курулуштары бар кооз жаратылыш, табияты менен белгилүү. Бүгүнкү күнү өлкө дүйнөнүн бардык жеринен туристтерди тартып келет. Ал эми тай мейманкана ишкерлиги жогорку сапаттагы тейлөөгө ээ. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тайланддын элчиси казакстандык студенттерди бул багытта окутууну сунуштады.

РАСС ДЖАЛИЧАНДРА, ТАЙЛАНД ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

-Тайландда конок тосуу маданияты жана  мейманкана бизнеси абдан жакшы өнүккөн.  Жолугушуу учурунда мен бул тууралуу айттым. Эгерде университет тарап муну колдой турган болсо, анда казакстандык студенттер мейманкана бизнесин биздин университеттерде үйрөнө алышат.

Тайланддын элчилигинин өкүлдөрү казак тарап менен дагы бир жолугушуу өткөрүүнү мерчемдөөдө, анда долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары талкууланат. Эгер тараптар макулдаша алышса, кийинки жылы эле Казакстандык студенттер падышачылыктын билим берүүчү стипендияларын ала алышат.

Авторы: Акзер Сегизбаева

Фото: arnapress.kz