Франциянын борборунда өз ишин өркүндөтүп жүргөн казак кызы

Франциянын борборунда өз ишин өркүндөтүп жүргөн казак кызы. Гаухар Ассион Париж шаарынын борборунда Евразия элдеринин улуттук тамактарынан ооз тийгизгиси келгендер үчүн ресторан ачкан. Бул жерде казактын эти, манты, палоо, чүчпара сыяктуу тамак түрлөрү сунушталат. Бүгүнкү күндө бул жайдын жогорку суроо-талапка ээ ресторандардын тизмесине киргенин белгилей кетүү керек.

ГАУХАР АССИОН, РЕСТОРАНДЫН ЭЭСИ:

- Ресторанды ачканда маңдай тер төгүп, далай кыйынчылыктарга туш болдук. Бул нерсени бала багуу менен салыштырууга болот. Ал эми ресторанды негизинен соода багытында ачканбыз. Ага да көп каражат жумшадык. Башкысы бардыгы биринчи кезекте пайда табуунун булагы.

Францияда чакан бизнес тармагында атаандаштык жогору. Ошентсе да, жеңилдиктер каралган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үстөксүз насыя берилет, ишин баштагандарга алгачкы жылдары салык төлөөгө да жеңилдиктер бар. Ошентсе да, инвестицияны актоого узак убакыт кетет. Гаухар жолдошу менен бирге бир нече жыл бою күнүнө 14 саат иштөөгө туура келген.

ГАУХАР АССИОН, РЕСТОРАНДЫН ЭЭСИ:

- Биз эч качан жумушсуз отурган жокпуз, оокатыбызы өзүбүз табып жүрдүк. Мындан сырткары биз үч адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Жолдошум экөөбүз ушуну менен сыймыктана алабыз.

Гаухар Казакстанга келгенде, ар дайым жергиликтүү ашканалардын жумушуна көңүл бөлөт. Айтымында, тамак даярдоодо Парижден кем калышпайт, бирок кызмат көрсөтүү жагын жетилдирүү керек. Бул тармакта ийгиликке жетүү үчүн тынбай эмгек кылып, сапатка терең маани бөлүү керек, дейт ал.

Фото: 365info.kz