Каспийде кеме менен саякаттоо

Казакстандык компаниялар конокторго жаңы туристтик кызматтарды сунуштап жатат. Эс алуучуларга кызматтын ар кандай түрлөрү даярдалган. Мисалы үчүн, Актауда туристтер кемеге түшүп, Каспий деңизине сейилдөөгө чыгып, шаардын көрүнүшүн көрө алышат. Суу унаасы ачык деңизге күн сайын чыгат. Тез жүрүүчү катерлерди башкаруу эл аралык даражадагы парустуу кайык спортунун чеберлерине жүктөлгөн. Кеме жарым саатта 7 чакырымды сүзүп өтөт. Эки жумада эле бул спорт унаалары менен үч миңге жакын адам деңиз бетине сейилдөөгө жетишкен.

АЙНУР УСЕЕВА, АТЫРАУ ОБЛУСУНУН ТУРГУНУ:

- Абдан сонун, мен биринчи жолу деңизге чыгып жатам. Ушундай суу унаалары көбөйүп, туризм өнүгүшүнө оң таасир берет деп ойлоймун.

ТЕМІРЛАН ТУЛЕШОВ, СТУДЕНТ:

- Деңиз жээктеринде жүргөндө ушул кайыктарды көрөр элем. Бүгүн ушул кайыктарда түшүп жатам. Абдан сонун таасир алдым, ичи өзгөчө экен. Каспий деңизине башка ракурстан көз чаптырдым.

Тез жүрүүчү катерлер Орусиядагы заводдо кураштырылган. Алар толкуну күчтүү Каспий деңизинде эркин сүзүү үчүн алгылыктуу жакшыртылган. Анын кенен палубасы күн нурунан коргой турган бийик чатыр менен жабылган. Туристтерге арналган суу унаасынын кубатынын кыймылдаткычы 200 аттын күчүнө барабар, 90 чакырым ылдамдык менен сүзө алат. Бортуна 15 адам батат.

ГАНИ АБДИСАДЫК, ИШКЕР:

- Бул долбоорду мурунтан даярдап, бир нече убакыттан бери бышыктап жатабыз. Үч жылдай болду. Каспий өзгөчө деңиз. Бийиктиги менен ылдамдыгы жагынан толкундары да ар түрдүү. Катерлерди мындан ары ийгиликтүү пайдалануу үчүн толкунду токтото турган тоскоолдуктар керек. Эгер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уруксат берсе, биз атайын конструкцияларды жеткирүүгө даярбыз. Бул толкундарды басууга мүмкүнчүлүк берет.

Аймакта туристтик сейилдөөлөрдөн башка Форт-Шевченко, Актау, Курык жана Кендирли конуштардын ортосунда деңиз каттамы жолго салынган.

Фото: Хабар 24