Нур-Султанда PATA Travel Mart 2019 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт

Казакстанда дүйнөнүн туристтик тармактын адистери жолугушту. Нур-Султанда биринчи жолу PATA Travel Mart 2019 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт. Жалпы бул Азия-Тынч океан туризм ассоциациясынын Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы биринчи иш-чарасы болот. PATA Travel Mart 2019 көргөзмөсүнө дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн миңден ашуун катышуучу жыйналат деп күтүлүүдө.

PUANGTHIP CHOTIPANTAWANON, ЭЛ АРАЛЫК «PATA» ТУРИЗМ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ/ ТАИЛАНД:

- Билим берүү темасына арналган эки масштабдуу саамалык өтөт. Анын бири треволюжн форматындагы жыйын. Ал жерде туризм тармагындагы акыркы технологиялык жаңылыктар, мыкты долбоорлор тааныштырылат. Ал эми, экинчиси стэри тренинг боюнча белгилүү режиссер туристтик багыттарды эффективдүү сунуштап, сатуу жолдорун көрсөтө турган чеберчилик сабактары уюштурулат.

Дүйнөнүн саякат кылууга ыңгайлуу мамлекеттеринде жыл сайын салттуу түрдө өтө турган көргөзмөнүн башкы максаты – тармак адистеринин арасында ишкердик өнөктөштүктү бекемдеп, туризм бизнесин өнүктүрүү. Бул масштабдуу иш-чаранын Нур-Султан шаарында өтүшү Казакстан менен бирге Борбор Азия аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга түрткү берет, дешет уюштуруучулар.

КАЙРАТ САДУАКАСОВ,  «KAZAKH TOURISM» УК АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул жыйынга Борбор Азия аймагынын туристтик багыттарын сунуштаган 300гө жакын атайын адис келет. Чыныгы сатып алуучулар болот. Планга ылайык жалпы ата мекендик жана чет өлкөлүк туристтик тармак өкүлдөрүнүн арасында 10 миң саат өлчөмүндө бизнес жолугушуулар өтөт деп көздөлгөн.

Бул эң башкысы эл аралык маркетинг – өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк деңгээлде таануутунун бир жолу, дешет адистер. Көргөзмөдөн дүйнөгө маалымат тарата турган 20дан ашуун эл аралык ЖМК өкүлдөрү келет деп күтүлүүдө. Белгилей кетсек, 1978-жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп келе жаткан иш-чара бүгүнкү күнгө чейин 44 ири шаарды камтып, салттуу жыйындарына 40 миңден ашуун делегат катышкан.

Фото: pata.org