Алакөлдүн айланасындагы эс алуу жайлары жакшыртылды

Алакөлдүн айланасындагы санаторийди жакшыртуу жумуштарына 16 миллиард теңге жумшалат. Акши айылында туристтерди кабыл алууга сейил бак салынып, коомдук  объектер курулуп, инфраструктура жакшыртылды. Кийинки жылдан баштап Акшиге келе турган туристтер дарылык касиети бар сууга гана түшбөстөн, сейилдей да алышат. Көрктөндүрүлгөн маданий жайда балдар менен өспүрүмдөргө арналган оюн талаасы жана амфитеатр караштырылган.

ДЕНИС КОНЫГИН, ДОЛБООРДУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Курулуш иштери бугу айында башталган. Бекитилген ырааттамага  ылайык иш алып барылууда. Бештин айында өткөрүшүбүз керек. Бирок жетинин айында бүтүрсөк деп жатабыз. 

Кең Алакөлдүн Алматы облусуна караштуу аймагында былтыры 1 миллиондон ашуун адам эс алган. Ал эми  быйыл туристтердин саны 200 миңге өсөт деп күтүлүүдө. Сууга түшүү кезеңи башталгандан бери жээктен адамдардын катары үзүлө элек.

АЖАР АБИЕВА, АЛМАТЫ ШААРЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

-Алматы шаарынан атайын келдим. Бары жакшы, мага жакты. Кызмат көрсөтүү сапаты да купулума толду.

Акыркы үч жылда Акши айылындагы туризмди өнүктүрүү үчүн 5 миллиард теңгеден ашуун каржы жумшалган. Анын натыйжасында айыл-аймактардагы жолдор оңдолуп, электр зымдары тартылды. Темир жол, аба каттамдары иретке келтирилди. Атайын коммуналдык чарбачылык да түзүлдү.

ДАСТАН АКАНОВ, РАЙОНДУК ТҮКЧ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ ИНСПЕКЦИЯСЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Бюджеттен 200 миллион теңге бөлүнүп, 7 даана техника сатып алынды. Быйыл дагы 195 миллион теңге бөлүнүп, кошумча дагы 8 даана техника сатып алынууда.  Азыркы тапта төртөө келди. Төртөөнө тапшырык берилди.

Акыркы беш жылда бул жерде 200дөн ашуун эс алуу жайы пайда болду. Ал эми, алдыдагы убакытта жээктерди бекитүү жумуштары жүргүзүлгөндөн кийин, аллея менен шайтан арабага жол салуу мерчемделген. Бул да аймакта туризмдин өнүгүшүнө жаңы түрткү берет.

Фото: tengritravel.kz