Кийиз басуу өнөрү

Казак элинин байыркы замандан бери келе жаткан каада-салттарынын бири – кийиз басуу өнөрү. Мурда жүндөн тиричиликке керектүү ар кандай буюмдарды, килемдерди жана боз үйлөрдүн жасалгаларын даярдашкан. Ал эми бүгүнкү күндө аталган материалдан баштыктарды, кийим-кечелерди, кооздук буюмдарын жасашат. Кийизди даярдоонун негизги техникасы кылымдар бою өзгөрүүсүз сакталып келүүдө. Алгач жүн жуулат, ылганат андан кийин тытылат. Кийин жүндү таарды таштап, токулган чийди жайып, анын үстүнө жүндү тегиздеп салып, ысык суудан куюп, тыгыздашат. Бир караганда, бул жараян оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул тиешелүү билимдер менен жөндөмдөрдү талап кылат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын көп аймактарында аталган байыркы өнөр кайрадан жанданууда. Мисал үчүн, Оралда жашаган Жаксыгүл Жармаханова жана Күлайша Жаңашевалар жаш кыз-келиндерге аталган өнөрдүн сырларын үйрөтүп, үзүрлүү эмгек кылышууда. Алардын эшиги ар бир каалоочуга ачык. Энелер ушундай эмгектери аркылуу кол өнөрчүлүктү жандандырууга далалат кылышат.

КҮЛАЙША ЖАНАШЕВА, УЗ/ КЫЗЫЛОРДА ОБЛУСУ:

- Мурда биздин энелерибиз койдун жүнүнөн жип ийришкен. Биз бул салтты улантып жатабыз. Андан кийин ушул жиптердин жардамы менен улуттук оймо-чиймеси бар жууркандарды боз үйдүн ички жасалгаларын тигебиз. Алар бекем жана кооз болот.

АЙБОЛАТ КУРЫМБАЕВ, ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР ФОНДУНУН МҮДҮРҮ:

- Бизде ар кайсы тармактарды камтыган 200дөн ашуун кол өнөрчүлөр бар. Тилекке каршы, алаш жана чий кандай жасаларын билишпейт. Ошондуктан дал ушундай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул маанилүү жана керек. Себеби байыркы салттарды кайра жандандыруу керек. Бул нерсени билүү зарыл. Алардын унут болуп кетүүсүнө жол бербөө керек.

Фото: osken-onir.kz