«Акжайык» табигый резерватынын туристтик багыттары

Тармал биргазан, фламинго, бүркүттөр жана көк кытан. Каспий деңизинин жээктери менен Жайык дарыясынын куя бериш жеринде жайгашкан «Акжайык» мамлекеттик фондунун аймагында ушундай канаттуулардын 292 түрүн кездештирүүгө болот. Аянты 341 миң гектар аймак, азыркы күнгө чейин бузулбастан сакталып турат. Бул жерде «Кызыл китепке» кирген, дүйнөдө сейрек кездешкен канаттуулар менен жаныбарлар мекендейт. Аны менен бирге ак турна, өрдөк жана аккуулар да бар. Ушул канаттууларды көрүү үчүн аталган аймакка ата мекендик жана чет өлкөлүк туристтер келишет. Корук аймагы өлкөнүн туристтик багыттарынын бирине жана аймактын брендине айланган.

ИЛЬЯ БОФОНОВ, ОРНИТОЛОГ:

- Биздин резерваттын өзгөчөлүгү – бул жер аркылуу дүйнөлүк куштардын миграциялык жолдору өтөт. Ошондуктан, жаз-күз айларында канаттуулардын көптөгөн түрүн көрүүгө болот. Мисалы үчүн, он миллионго жакын өрдөк, 2 миллион кашкалдак жана 35 миңдей фламинго учуп өтөт.

Резерват быйылкы жылдан баштап аралга атайын туристтик каттам ачууну көздөп жатат. Корукчулар эс алуучуларга көз жоосун алган табиятты алыстан гана көз салууга кеңеш берет.

ИСЛАМ КАДЫРБАЕВ, «АКЖАЙЫК» МАМЛЕКЕТТИК РЕЗЕРВАТЫНЫН ТУРИЗМ ЖАНА ЭКОАГАРТУУ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Аны менен бирге биз бул жерде Каспий тюленин көрө алабыз. Алар жоголуп кетүү коркунучунда. Жалпы сүт эмүүчүлөрдүн 48  түрү бар. Ондатрлар, еноттор, карышкырлар, түлкүлөр жана камандар да ушул жерде өз азыгын табып, жашап келишет.

Ошондой эле, моторлуу кайыктарга түшүп, Жайык дарыясы менен сейилдеп, өсүмдүктөр ааламы менен тааныша аласыз. Бул жерде өсүмдүктөрдүн 229 түрү бар. Алардын ичинде кызыл китепке кирген 3 өсүмдүк:  сууда сүзүп жүргөн сальвиния, шенко жоогазыны жана суу жаңгагы.

Фото: veters.kz