Улуу Ата мекендик согуштагы жоокерлердин сөөгү табылды

Улуу Ата мекендик согушунун жалыны казак жеринин да четин жалмап өткөн. Батыш Казакстан облусунун Бөкей Ордасы жана Жанибек райондоруна 600дөй бомба ташталган. Сайкын, Шоңгак станциялары Орал-Рязань темир жолунун боюнда жайгашкан. 1942-жылы ушул темир жол аркылуу Сталинград майданына курал-жарак, азык-түлүк жана аскер жүктөгөн эшалондор тынымсыз катап турган. Ошондуктан да аталган аймакта жашагандар жоо учактарынын ырайымсыз чабуулдарына туш болушкан.

АЛЕКСАНДРА СУСИНА, САЙКЫН АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Бомбалоо учурда эвакуациялангандар келе жаткан. Вагондо туткунга түшкөндөр да болгон. Алар да чабуулга туш болушкан.

Темир жол боюндагы бул чуңкурлар каардуу согуштун казак жерине салган жарасы. Ал эми, ушул аңдарда канчалаган жоокерлердин сөөгү жатканынан көпчүлүгү бейкапар.

ЖУБАН ГУМАРОВ, ЧӨЛКӨМ ТААНУУЧУ:

- Бул жерде боордоштор мүрзөсү бар. Ал курчалган жана атайын белгилер да коюлган. Чөлкөм таануучулардын маалыматтары боюнча, ушундай бейиттердин саны 40-50гө жетиши мүмкүн. Калдыктарды дал ушундай бомба түшкөн аңдардан издөө зарыл.

Жакында издөө тобу №356 тактанын жанынан 16 жоокердин сөөгүн алып чыгышты.

СЕРГЕЙ ЛАПШИН, ИЗДӨӨ ОТРЯДЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Алдында канча жатканын билбейбиз. Бул чоң чуңкур, бомбалоодон кийин сөөктөрдү ыргытып, үстүн топурак менен жаап салышкан. Жоокерлер бомбалоого туш болушкан. Темир жол 20 метрдей жерде жайгашкан. Тилекке каршы, алардын ким экенин аныктоо мүмкүн эмес. Себеби медальондору жок. Адатта, чабуулдан кийин аман калгандар тууралуу маалымат берүү үчүн набыт болгондордун  документерин, медальондорун чогултуп алат. Ушул жерден эшелондор тынымсыз жүрүп турган. Себеби бул Сталинградка алып бара турган жалгыз темир жол болгон. Ошондуктан бир гана деңиз аскери эмес, башка да аскер түрлөрү өтүп турган. Бирок бул топчуга карап, булар деңизчилер деп ойлойбуз.

Табылгандарды деңизчилер деп атоого бир нече себеп бар. Топчудагы якордун белгиси менен бирге, алардын бою 2 метрге жакын болуусу аскерлердин катарына тандалып алынганынан кабар берет. Тарыхый маалыматтар боюнча, 42-жылдын тогуздун айынын төртүндө Тынч океанынын флотуна караштуу деңиз жөө аскеринин бир курамасы Сталинградга багытталган. Дал ушул разъездин жанында эшалон душмандын чабуулуна учураган. 38 деңиз аскерлери көз жумган. Алардын аты-жөнү белгилүү болгону менен, кайсы жерде жатканын эч ким билбейт. Тиешелүү документтер даяр болгондон кийин аскерлердин сөөктөрү Сайкын айылындагы боордоштор көрүстөнүндө кайра жерге берилет. Ал эми, издөө иштери дагы уланат. 

Фото: Хабар 24