2022-жылы «Бозок» тарыхый-маданий музей коругу көпчүлүккө эшигин ачат

Түрк дүйнөсүнүн бардык кезеңдерин камтыган байркы аймак. 2022-жылы «Бозок» тарыхый-маданий музей коругу көпчүлүккө эшигин ачат. Тогуз жолдун томунда жайгашкан байыркы шаарчанын аймагында табылган экспонаттар, ыйык жер байыртадан жалпы түрк уруулары мекендеген аймак экенинен кабар берет. Ачык асман алдындагы тарыхый-таанып билүүчүлүк музей беш бөлүктөн турат. 412 гектар аймакта байыркы шаарчанын турмуш тирчилиги жаңыртылып, эски архитектуралык курулуштары калыбына келтирилет. Натыйжасында келүүчүлөр өткөн доорго саякат жасай алышат. Ботай, Сак, Гун, Түрк жана Казак хандыгы кезеңдериндеги маданият менен каада-салттарды көрүүгө болот. Биопарк, аскерий колдонмо өнөр, чыгыш базары жана көл өнөрчүлөр айылы пайда болот.  

РИНАТ КУДЫСОВ, ДОЛБООРДУН АВТОРУ:

- Ошондой эле, маданий оюн-зоок аймагы болот. Казакстандын аймагындагы Бозок музейине келген конокторго ошол жерде жашоосуна шарттар түзүлөт. Сак кезеңиндеги мончо, ашканалар салынат. Ал жерде коноктор ар түрдү кезеңдердин тамактарынан даам сызып көрүшөт. Эң биринчи жапайы жылкыны колго үйрөткөн ботой маданияты экени жалпыга маалым. Аргымактарды таптоо жагы да көрсөтүлөт. Жалпы Улуу талаа көчмөндөрүнүн турмуштук салты чагылдырылат.

Бүгүнкү күндө долбоордун эскизи даяр. Чийме үлгүсүндө кайра курула турган архитектура объектеринин 3Д форматындагы санариптик нускасы көрсөтүлгөн. Курулушка 412 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

САУЛЕ БӨРИБАЕВА, «БОЗОК» ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Эми фор-эскизди окумуштуулар толук изилдеп чыгышат. Ушул нускасы жактырылса дароо негизги долбоордук ишке киришебиз. Курулуш аймагындагы топурак менен суу курамы толук изилденет. Кийин долбоордун документацияларын даярдайбыз. Казакстан үчүн абдан маанилүү коомдук, тарыхый-таанып билүүчүлүк демилге жергиликтүү бюджеттен башка инвесторлорду да тартуу көздөлгөн.

«Бозок» эстелиги акыркы 20 жыл бою Есил археологиялык экспедициясы тарабынан изилденүүдө. Негизги максат ата мекендик тарыхты толуктап, орто кылымдардагы улуттук руханий жана метериалдык экспонаттарды терең талдоо. Улуу талаа цивилизациясынан калган көчмөндөр мурасын кенен жайылтуу.

Авторы: Женис Ермуканов

Фото: astana-akshamy.kz