Казакстандын байыркы шаарлары кайра калыбына келтирилет

Казакстандын байыркы шаарлары кайра калыбына келтирилет

Түрк дүйнөсүнүн алтын бешиги катары саналган Түркестан шаары тарыхый туризм борборуна айланат. Өткөн жылы аймакка 1 миллиондон ашуун турист келген. Быйыл бул көрсөткүч жогорулайт. Шаарды өнүктүрүүнүн башкы мерчемине ылайык, Кожа-Ахмет Яссауи комплексинин алдында руханий-маданий борбор салынат. Анын жалпы аймагы 90 гектардан ашат. Бул жерде баш-аягы 11 объект болот деп күтүлүүдө. Алардын катарында визит борбору менен эки музей бар. Ошондой эле, амфитеатр, музей, атракцион аянттары менен башка да коомдук комплекстер курулат.

МАКСАТ ЖАПАРБЕК УУЛУ, ДОЛБООРУН ТҮЗҮҮЧҮЛӨР ТОБУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

-Түркестан шаарынын тарыхы бай. Бул – Казак хандыгынын кезинде маанилүү ролду аткарган шаар. Ошондуктан анын бардык өзгөчөлүктөрүн эске алып, шаарды туура багытта өнүктүрүшүбүз керек. Азыр руханий-маданий борбордун долбоорун даярдап жатабыз. Аны жакынкы арада аяктайбыз.

Ал эми, Орал шаарында архитектуралык эстеликтерди сактоо максатында 18-19-кылымдарда салынган, 100дөн ашуун имараты бар көчөнү көрктөндүрүү көздөлгөн. Эски шаардагы проспект жолочулардын аймагына айланат. Көчөдө унаа кыймылы чектелип, бир гана автобустарга арналат. Ошондой эле, шайтан араба жолдору салынып, жөө жүргүнчүлөр аймагы кеңейтилет. Эски имараттар жаңыртылат. Ушуга кошо, көчөдө коомдук тамактануу жана соода жайларын ачууга кызыктар ишкерлерге бардык жагдайлар түзүлөт. Ушунун бардыгы шаардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга таасир берет.

ТЕМИРБОЛАТ ШАКИРЖАНОВА, ШААРДЫК АРХИТЕКТУРА ЖАНА ШААР КУРУЛУШ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Орал шаары – Түркестан сыяктуу байыркы шаар. Анын тарыхы бай. Бизге көп жумушту аткарууга туура келет. Ошондуктан өз ишин мыкты билген адистерди, серепчилерди тартабыз. Эмнеден баштаганыбыз туура? Ушунун бардыгын ойлонуштурабыз. Бул жер каржы тарта турган башкы борборго айланат. Проспектин ар бир чарчы метри ишкерлердин кызыгуусун жаратаары шексиз.

Казакстандын байыркы шаарларынын тарыхы менен жакындан таанышууну каалаган адамдар абдан көп. Ошондуктан, туристтердин санынын көбөйүшү менен бирге республикада ага ылайык инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулууда.

Фото: turkistan.kz