Казакстандык эки окуучу АКШда өткөн эл аралык жарыштан олжолуу кайтышты

Казакстандык эки окуучу АКШда өткөн эл аралык жарыштан олжолуу кайтышты

Бүгүнкү күндө казакстандык окуучулар республикалык гана эмес, аны менен бирге эл аралык жарыштарда да өз билимин сынашып, бийиктиктерди багындырышууда. Алматыдагы адистештирилген лицейинин окуучулары дүйнөлүк билим жарышында топ жарышты. Темирлан Абдикадыр менен Ерасыл Өмиртай АКШда өткөн салттуу эл аралык интеллектуалдык олимпиадада өздөрүн мыкты көрсөтүшүп, олжолуу кайтышты. Бул жарышка дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген окуучулар катышкан.

ЕРАСЫЛ ӨМИРТАЙ, ОКУУЧУ:

- Бул Олимпиада жогору бааланат. Бул коммерциялык эмес жарыш. Аны дүйнөдөгү балдардын билимин баалоо максатында өткөрүлөт. Мен үчүн жарышта тест тапшыруу кыйынчылык жаратты. Себеби, жетимиштен ашуун суроо коюлуп, жооп берүүгө 60 мүнөт гана убакыт берилди. Ошол убакыттын туура бөлүштүрүү оор болду.

Билим жарышында бир дагы суроо менен тапшырмадан такалбай өткөн Темирлан алтын тагынса, Ерасыл күмүш байгени канжыгасына байлады. Бул эки жаштын максаты – дүйнөлүк деңгээлдеги окуу жайларынын студенти болуу.

ТЕМИРДАН АБДИКАДЫР, 10-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ:

- АКШда университеттердин биримдиги бар. Мен келечекте аталган биримдикке кирген ЖОЖдордун биринин студенти болууну каалайм. Университетке тапшыруу үчүн тыкыр даярданып, ата-энемдин жана мектебимдин намысын коргогум келет.

Бостон интеллектуалдык олимпиадасы – ата мекендик окуучулар багындырган ашуу. Сапардын алкагында алар англис тилин жетилдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эки өспүрүм билимин жогорулатып, ийгиликке жетелеген мугалимдерине ыраазычылыктарын билдиришти. Лицейден бүгүнкү күнгө чейин төрт жүздөн ашуун республикалык жана эл аралык олимпиада жеңүүчүлөрү чыккан.

ГАЛЫМЖАН ӨСКЕНБАЙ, ШААРДЫК «БИЛИМ-ИННОВАЦИЯ» ЛИЦЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Аталган окуучулар жетинчи классынан баштап олимпиадага системалуу түрдө даярданышты. Биздин мектептин негизги багыты – жаратылыш таануу. Ошондуктан аталган сабактар боюнча өспүрүмдөрдү олимпиадаларга даярдайбыз. Мындан сырткары окуучулар тилдерди, англис тилин жана тарыхты окушат.

Эл аралык интеллектуалдык олимпиаданын тандоо кезеңине быйыл 500гө жакын окуучу катышкан. Билим сынагынын талабы боюнча алар англис тилинде эссе жазып, тест тапшырып, ооз эки суроолорго жооп бериши керек. Казакстандык окуучулар бул сынактан мүдүрүлбөстөн, өлкөнүн намысын жогорку деңгээлде коргошту.

Фото: Хабар 24