Казакстан кытайлык туристтерди тартууда

Казакстан кытайлык туристтерди тартууда

Кытайдын туристтери Казакстандын жаңы багытын жигердүү өздөштүрүүдө. Бул жерде Кытай Эл Республикасынан туристтик агымдардын үчтөн бир бөлүгү Алматы облусуна туура келет. Мындай уникалдуу табигый ландшафттар, чоң Алматы көлү, Чарын каньону менен корук аймактарына миңдеген чет элдик коноктор келет.

ЧЖАН АЙЖУН, КЫТАЙ ТУРКОМПАНИЯСЫНЫН ГИДИ:

- 2017-жылы Казакстанда Кытай жарандары үчүн 72 сааттык визасыз режим киргизилгенден баштап биздин турфирма өз кардарларын бул жаңылык менен тааныштыра баштаган. Эми биз бул жакка КЭРдин ар кайсы аймактарынан туристтерди алып келүүдөбүз. Өткөн жылы 1600 турист алып келсек, бул жылы эки миңге жеткирели деп турабыз.

Хо Таунун Казакстанда биринчи жолу болушу, ал бул жакка кайрадан келүүнү кыялданат жана үй-бүлөсү менен көз жоосун алган кооздуктар менен бөлүшөт. Анын айтымында, көп түрлүү жаратылыш жана жергиликтүү жашоочулардын меймандостугунан абдан таасирленген.

ХО ТАУ, КЫТАЙЛЫК ТУРИСТ:

- Мен бул жакка балам менен Хайнандан келдим. Ал быйыл 8-классты аяктады жана мен ага белек катары аны менен бирге саякаттоону чечтим. Биз башка өлкөнү, башка маданиятты көргүбүз келди. Мен буга чейин Казакстан тууралуу көп эле уккам. Эми болсо өз көзүм менен көрүп жатам.

Быйылкы жылдын чын куран айында электрондук визанын киргизилиши менен туристтик агымдын кобөйгөндүгү байкалууда. Ушуну менен турагенттик акыркы жарым жылдыкта Кытайдан 700 миң туристти кабыл алды. Баш оона айында дагы 380 адамды тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат. Алар Казакстанда 14 күн болуп, Алматы шаарынын четинде жомоктогу жерлерди барып көрүшөт.

РАУШАН САРТАЕВА, КАЗАКСТАНДЫК ТУРКОМПАНИЯНЫН ДЕПАРТАМЕНТ МУДҮРҮ:

- Алматы облусунда бир канча улуттук парк бар, бирок алардын ичинен кытайлык туристтер эң көп келе тургандары Иле-Алатоо, Алтын Эмель, Көлсай, Кайынды, Чарын улуттук паркы. Турист казак жашоосуна сүңгүп кирип, казак үй-бүлөсү менен жашайт, казак тамак аштарын жейт, боз үйдө жашаганды көрөт.  Биздин Коянды көлүбүз, Көлсай көлү өзгөчө кооз.

Фото: express-k.kz