Улут менен улустун башын бириктирген Эл башы китеби тааныштырылды

Улут менен улустун башын бириктирген Эл башы китеби тааныштырылды

Казакстан элдер Ассамблеясы "Эл башы менен эл" китебин тааныштырды. Анда 1995-жылдан 2019-жылга чейин КЭА сессияларында биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин сүйлөгөн сөздөрү чогултулган. Басылманын негизин Эл башы китепканасында сакталган жеке уникалдуу сүрөттөр жана документтер түздү. Китепте Нурсултан Назарбаевдин ассамблеянын төрагасы катары көп кырдуу ишмердүүлүгү жана Казакстан элинин биримдигин чыңдоо аракеттери тууралуу айтылат. Андан тышкары, басылмада коомдук ынтымактын ата мекендик үлгүсүнө жана улут лидеринин жалпы улуттук биримдигине арналган бир катар маанилүү макалалар камтылган, ошондой эле, этномаданий бирикмелердин өкүлдөрүнүн баалары жана пикирлери калтырылган.

ЖАНСЕИТ ТУЙМЕБАЕВ, КЭА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ, РК ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН КЭА КАТЧЫЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Бул китепте коомдук келишим менен жалпы улуттук бирдейликти калыптандыруудагы казакстандык модель кеңири жазылган. Ассамблея төрагасынын, Эл башынын ар бир баяндамасын окуган сайын улут аралык карым-катнашты түзүүдөгү мамлекеттик саясаттын калыптануусун кезек кезеги менен көрөсүз.