Аба байланыштары тармагында транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү

Аба байланыштары тармагында транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү

Эл аралык аба коридорлорунун так ортосунда жайгашкан Казакстан транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну көздөп жатат. Бул багытта Казакстандан жаңы багыттарды ачып, транзиттик багыттардын санын көбөйтүү абдан маанилүү, дешет адистер. Мисалы, акыркы 7 жылда Казакстан аркылуу каттаган аба унаасынын жүргүнчүлөрүнүн саны 20 эсеге өскөн жана жылына миллионго жакын адам ташыган. Борбордогу аба майданы 2018-жылы 4,5 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн. Анын ичинде порт эл аралык багыт боюнча 1,8 миллион жүргүнчүнү сапарга узаткан.

ТАЛГАТ ЛАСТАЕВ, РК ИИӨМ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Биз азыр жүргүнчүлөр агымынын транзитин өнүктүрүү чараларын колго алып жатабыз. Акыркы 7-8 жылда Казакстан аркылуу жүргүнчүлөр агымы 20 эсеге өсүп, былтыр 900 миң адамды түзгөн. Азыр жума сайын  500 каттам иш алып барууда. 98 аба унаасы 27 өлкөгө учат.

Өлкө аймактарындагы аба майдандардын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү да көңүл чордонунда. Мисалы, Орал эл аралык аба майданында жаңы терминал салынат. Наркы 1,5 миллиард теңгелик долбоор чет өлкөлүк инвесторлордун каржысынын эсебинен ишке ашыралат. Мерчемге ылайык, терминал аймагы кеңейтилет. Жүргүнчүлөргө кызмат көрсөткөн жана жүк кабылдай турган заманбап түзмөктөр, каттоо убакыты менен паспорттук көзөмөлдөө чараларынын убакытын кыскартууга мүмкүнчүлүк бере турган жаңы коопсуздук системасы орнотулат. Аны менен катар, жаңыртылган аба майданда VIP аймак салынат. Мунун баары жүргүнчүлөр агымын саатына 200дөн 400 адамга чейин арттырууга таасирин тийгизет. Объектти 2020-жылдын аягына карай пайдаланууга берүү мерчемделип жатат.

АРТУР ДОСКАЛИЕВ, «ОРАЛ» КИК БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Негизги максат - бул көрсөтүлгөн кызмат сапатын жана коопсуздук сапатын жакшыртуу. Долбоордун алкагында имараттын жалпы аянты кеңейип, 7 миң чарчы метрге чейин чоңойтулуп, анын ичинде бүткүл куралдары жаңыртылат. Бир имараттын ичинде эл аралык жана ички каттам кызматтары көрсөтүлөт. Кайра  түзүү жумуштары аяктагандан кейин аба майдан жаңы багыттарын ачууну көздөп жатат.

2020-жылы Чымкент эл аралык аба майданында да жаңы терминал ишке кошулуп, өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Долбоор боюнча, 4 телескоптук трап орнотуп, саатына 2 миңден ашуун жүргүнчүгө кызмат көрсөтүү көздөлгөн. Ушундай шарттарда, Чымкентти Түштүк-Чыгыш Азия, Кытай, Индия, Кувейт, БАЭ, Орусия жана Европа шаарлары менен байланыштыра турган ири авиациялык хабга айландыруу көздөлгөн.

Фото: astana.gov.kz