“Бабалар үнү” эл аралык авто жүрүш

“Бабалар үнү” эл аралык авто жүрүш

“Бабалар үнү”! Борбор Азия өлкөлөрү ушундай аталыштагы авто жүрүш багытына кирди. Катышуучулар Казакстан менен Өзбекстан өлкөлөрүнүн аймагын басып өтөт. Жалпы долбоордун алкагында саякатчылар 7 өлкөнү кыдырып чыгат. Алардын катарында Орусия, Кытай, Моңголия жана Корея мамлекеттери бар. Узак сапарга ушул өлкөлөрдүн жарандары, кореялык коомдук уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чыгышты. Уюштуруучулардын айтымында, башкы максат – эл аралык карым-катнашты өнүктүрүү.

ЭРНЕСТ КИМ, АВТО ЖҮРҮШТҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Авто жүрүш жалган куран айынын бириндеги кыймылдын 100 жылдыгына арналат. Бул Корея элинин көз карандысыздык жолундагы күрөшү. Ошондой эле, бул айтылуу иш-чарага башка өлкөлөр да ортоктош болуп жатат. Биз бардыгыбыз Евразия аймагын мекендейбиз. Ошондуктан Орусия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу аймактагы өлкөлөрдү кыдырып, элдердин ортосундагы достукту жайылтып, маданий өз ара байланышты тааныткыбыз келет. Ошондуктан бул достук жүрүшү аркылуу өз ара байланышыбызды жаңыртуу көздөлгөн.

Катышуучулар Евразия континентиндеги өлкөлөрдүн байланышына жан берип, ишкердик, илимий, туристтик жана башка да келечектүү тармактарда карым-катнаш орнотуп, биргелешкен долбоорлорго уютку болууну көздөйт.

Фото: yunews.kz