Түндүк Казакстандагы Имантау-Шалкар курорттук аймагын өнүктүрүү

Түндүк Казакстандагы Имантау-Шалкар курорттук аймагын өнүктүрүү

Тундүк Казакстан облусунда туризмди өнүктүрүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Региондо флоранын жана фаунанын сейрек кездешүүчү түрлөрүн табууга болот, бир катар жаратылышты коргоо объекттери, суулар жана көлдөр бар. Мисалы, бул жердеги анык табияттын керемет жайы деп баалоого болот. Дал ушул жерде Шалкар көлү бар. Таза жана туздуу көл көптөгөн жылдардан бери бир топ туристти өзүнө тартып келет. Бул жерге бир гана өлкөнүн башка аймактарынан эмес, коңшу өлкөлөрдөн да саякатчылар келишет. Туристтердин көпчүлүгү Орусиядан келет. Сууга түшүп, балык уулоого ылайыктуу көл. Көлдүн касиеттүү ылайы үчүн да Шалкарга көп адам келет. Жергиликтүү аткаруучу орган ушул тегеректе туризмди өнүктүрүү максатында масштабдуу планды бекитти. Анын биринчи этаптары ийгиликтүү ишке ашырылды.

АМАНБЕК МАХМЕТОВ, АЙЫРТАУ РАЙОНУНУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- 2018-жылы жолдорду реконструкциялоого 3 миллиард теңге бөлүндү. 2019-жылы 2,5 миллиард теңге каралган. Айыртау районундагы Имантау-Шалкар эс алуу борбору Казакстан боюнча туристтик дарамети  жогору болгон топ-10 шаарга кирди. Анда чоң план даярдалып жатат. 2025-жылга чейин 56 иш-чара. Анын ичинен 26 миллиард теңге каралган. Эгерде бардык иш-чаралар аткарыла турган болсо, бардык шарттар түзүлөт деп эсептейм.

Фото: sko.gov.kz