Жаштар жылы: «Жаштар кербени» коомдук долбоору ишке ашат

Жаштар жылы: «Жаштар кербени» коомдук долбоору ишке ашат

Мекен үчүн күйгөн муунду тарбиялоо. Ушул багытта Казакстанда жарыяланган Жаштар жылынын алкагында «Жаштар кербени» коомдук долбоору ишке ашат. Азыр масштабдуу демилге тандоо кезеңин өткөрүп жатат. Жалпы, долбоорго эки миңге жакын жигердүү жаштарды тартуу көздөлгөн. Максат – катышуучуларга киндик каны тамган жерди башка жагынан таанытуу. Катышуучулар баш оона айынын он үчүндө 7 багыт боюнча сапарга чыгышат. Анын алкагында жаштар Казакстандын ыйык жерлерине токтошуп, тарыхый объекттерди кыдырышат. Таанып-билүүчүлүк кербен менен бирге жолго чыга тургандар Казакстандын кооз табиятын көрө алышат. Кийин өздөрү кыдырган жайлардан алган таасирлерин коомдук желелерге жарыялашат. Ушундай шарттарда жаштар ата мекендик туризмдин өрчүшүнө өздөрүнүн өзөктүү салымын кошот.

ШАХМАРДАН БАЙМАНОВ, ЖАШТАР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстандагы жаңы туристтик маршруттарды, жаңы багыттарды белгилөөгө өздөрүнүн чоң жардамын көрсөтүшөт деген ойдобуз. Аны менен бирге, бул жерде жаштардын өздөрүнүн туулган жерине, өз чөлкөмүнө башка жагынан көз жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк бере турган долбоор.

Фото: egemen.kz