Нур-Султанда жаңы туристтик каттам иштелип чыкты

Нур-Султанда жаңы туристтик каттам иштелип чыкты

Борбор калаада жаңы туристтик каттам иштелип чыкты. Анын авторлору – коммерциялык эмес долбоордун катышуучулары, тактап айтканда, райондук акиматтын өкүлдөрү. Жаңы картада 34 меймандос объект: имараттар, эстеликтер жана мечиттер бар. А түгүл көпүрө да кирет. Тармак адистери бул туристтер үчүн белгилүү маршруттарга татыктуу альтернатива деп айтышууда.

Жөө сейилдөөчүлөр үчүн өзүнчө эки каттам. Алардын бири – кызыл - анын узактыгы 2,5 саат. Экинчиси – көк - бул бир сааттык, убакыты тарлар үчүн. 

Иштеп чыгуучулардын алдында жөнөкөй тапшырма турган жок – бир нече доорлорду бириктирүү турат. Имараттардын узун тизмесинен эң баалуу болуп эсептелгендери тандалып алынган. Белгилей кетсек, жергиликтүү архитектура үчүн Ренессанс доору 1876-жылы башталган. Ал кезде  шаар белсендүү түрдө курула баштаган.

АМАНЖОЛ ЧИКАНАЕВ, НИПИ "АСТАНАГЕНПЛАН" ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨО БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул жерде ишкерлер, соодагерлер үчүн өздүк Клондайк ачылган. Анткени казак талаалары малга бай. Иш жүзүндө болсо арзан, бир чоюн казанды эле 10 баш ири кара малга алмашууга мүмкүн болгон. Ошондуктан соодагерлер тез байып кетишкен.

Бактыга жараша Нур-Султанда революцияга чейинки имараттар сакталып калган. Бардыгы болбосо да, сакталып калгандар бай тарыхка ээ. Мындай мисалдардын бири көпөс Пётр Моисеевдин мурдагы үйү.

ТЕМИРТАС ИСКАКОВ, ДОЛБООРДУН АВТОРУ:

- Мындай үйдү салуу чындыгында кыйын. Ошол убакта көптөгөн каражат керек болгон, анткени, негизинен революцияга чейинки Акмолодогу үйлөр жыгачтан жасалып, бай адамдар өз мүлкүн сактоого жана даражасын көрсөтүүгө умтулган. Мындай үйдү салуу абдан оор болгон. Кыш Атбасардан алып келинген. Алар ошол жакта өндүрүп, алып келишкен.

Оң жээктен алыс эмес жерде дагы бир имарат бар. Жашыл мечиттин дарбазасы. Эл арасында өз атын боёлгон түстөргө байланыштуу алган. 19-кылымдын аягында тургузулган мечит совет мезгилинде бузулуп кеткен. Азыр анын дарбазасы эле калган.

АМАНЖОЛ ЧИКАНАЕВ, НИПИ "АСТАНАГЕНПЛАН" ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨО БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Мына бул дарбазанын кире бериши болгон. Көрүп тургандай бул жери жаңыланды. Ал эми буга чейин дарбаза жыл сайын сырдалып турган. Бирок эки-үч жыл мурун шыбагы алып салынды. Карасаңыздар, кыш кандай болсо, ошол абалда сакталып турат. Албетте үстүңкү бети жамгырдан коргой турган кылып жасалган. Ал эми катуу жамгырдан коргоо үчүн үстүн бекем кылдым. Дээрлик жаңыдай көрүнүп калды.

Серепчилер белгилегендей, бүгүнкү күндө эски архитектурага болгон кызыгуу экинчи жашоосун баштан кечирүүдө. Бул качан болсо да жаңы турөнүм актуалдуу дегенден кабар берет. Эң башкысы ал албетте суроо-талапка ээ болот.

Фото: kazinform.kz