«I Run Kazakhstan» саякаттык жүгүрүү долбоору

«I Run Kazakhstan» саякаттык жүгүрүү долбоору

Казакстанды башка жагынан таанытуу. Ушул максатты көздөгөн казакстандык саякатчы Александр Габченко Казакстан аймагын толук жүгүрүп өтмөкчү. Дымактуу спортчунун «I Run Kazakhstan» долбоору өлкөнүн бардык облустарын камтыйт. Жөө күлүк ар бир аймакта 30 чакырымдык аралыкты багындырат. Башкы өзгөчөлүгү – тандоо адамдын буту баспаган кыр-ойдуңдарга, токой-чөлдөргө, тоолуу аймактарга түшкөн. Ал ушул аркылуу көпчүлүк барбаган жапайы табияттын көркүн көпчүлүккө көрсөтүп, өлкөнүн жигердүү туризм багытына жан бермекчи. Саякатчы бүгүнкү күндө мерчемин 7 аймакта ишке ашырууга жетишти. Калган бөлүгү жаңы жылга чейин ишке ашырылат. Ар бир чөлкөмдө белгиленген аралык болжол менен төрт сааттын ичинде багындырылат. Жети кезеңде Александр Габченко так көздөлгөн мерчемге ылайык 210, ал эми долбоордун алкагындагы даярдыкты кошо алганда миңден ашуун чакырымды артта калтырды. 

АЛЕКСАНДР ГАБЧЕНКО, ДОЛБООРДУН АВТОРУ, САЯКАТЧЫ:

- Мен визуалдуу түрдө көздүн жоосун алган, эстетикалык жагынан абдан кооз жана каалаган адамга эс алууга ыңгайлуу болгон абдан тартымдуу жерлерди тандоого аракет кылдым. Анткени мен ар дайым жигердүү саякатты колдоп, даңазалап жүрөм. Ушул долбоор аркылуу Казакстандын байлыгы катары саналган көптөгөн табигый ландшафттарын жаңыдан ачып же башка жагынан тааныткым келет. Башкы максатым - адамдарга Казакстандын ичинде эле эс ала турган жайлардын арбын экенин иш жүзүндө көрсөтүп, Казакстанда саякаттоо абдан кызыктуу экенин башкаларга жеткирүү.

Фото: novoetv.kz