Коомдук ишенимдин улуттук кеңешинин ролу тууралуу

Коомдук ишенимдин улуттук кеңешинин ролу тууралуу

Казакстан Президентинин алдындагы Улуттук коомдук ишеним кеңеши мамлекеттик саясаттын өзөктүү маселелери боюнча пикир алмашып, сунуштар даярдала турган аянтка айланат. Серепчилердин пикиринде, жаңы уюм коом, саясий партиялар жана мамлекеттик кызматчылардын ортосунда байланыштыруучу көпүрө кызматын аткарат. Пикирлер плюрализм негизинде чечимдерди кабыл алат, алар сунуш сыпатында болот. Улуттук коомдук ишеним кеңешинин биринчи отуруму баш оона айына мерчемделип жатат.

ЕРЛАН КАРИН, РК ПРЕЗИДЕНТИНИН КЕҢЕШЧИСИ:

- Улуттук кеңеште мамлекет тарабынан жасала турган маанилүү, белгилүү  документтердин, демилгелердин коомдук талдамасы гана жасалат. Башкача айтканда, ишке ашырыла турган демилгелердин муктаждыктарын эске алып, ошол демилгелерге тиешелүү коом өкүлдөрүнүн, коомдук жигердүүлөрдүн, серепчилердин пикирлери каралат. Ошондуктан улуттук кеңеш башка түзүлүштөрдүн функциясын кайталабайт. Бул маанилүү жарандык, коомдук диалог куралы болот.

АЛУА ЖОЛДЫБАЛИНА, РК ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ КСИИ БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Стратегиялык жана улуттук сыпаттагы көйгөй болсо, ал улуттук органдардын деңгээлинде талкууланып, Улуттук кеңешке чыгарылат. Серепчилердин, мүчөлөрдүн пикирлери эске алынып, добуштардын басымдуулугуна карай чечим кабыл алынат. Бул референдум эмес, бирок добуш берүү аркылуу оң же терс чечим кабыл алынат.

Фото: kaz.tengrinews.kz