Казакстанда Улуттук коомдук ишеним кеңеши түзүлдү

Казакстанда Улуттук коомдук ишеним кеңеши түзүлдү

Мамлекеттик саясаттын өзөктүү маселелери боюнча сунуштарды даярдоо - Казакстан Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн Улуттук коомдук ишеним кеңеши жумушунун башкы максаты. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев кеңештин эрежеси жана курамы тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Улуттук кеңеш – консультативдик-кеңешчи орган. Анын курамы өлкөнүн негизги коомдук-саясий топторунун өкүлдөрүнөн түзүлөт. 

РАХИМ ОШАКБАЕВ, «ТАЛАП» КОЛДОНМО ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Биздин саясий системада абдан жогорку макамдагы мекеме пайда болуп жатат. Аны президент өзү көзөмөлдөп турат. Бул саясий модернизациялоо боюнча биринчи реалдуу кадам. Коомдук ишеним, мамлекеттик угуулар боюнча жакында эле Мамлекет башчысы кеңейтилген жыйында айтып өттү. Башкача айтканда, жогорку аткаруу бийлигинин ар кандай спектрдеги жарандык коомдун өкүлдөрү менен түздөн-түз диалогго ээ болуу милдети ушундай болот.

Фото: sputniknews.kz