Атыраудагы Актөбө-лаэти байыркы шаары

Койнундагы ар бир ташынын өзүнчө тарыхы бар, сырга толгон Казакстандын батыш аймагында изилденбеген коргондор менен байыркы шаар аймактары жеткиликтүү. Алардын бири 14-15-кылымдарда салтанат курган казак хандыгынын борбору Хан Ордалы Сарайшык шаарынын шериги катары саналган Актөбө-лаэти шаары. Археолог окумуштуулардын божомолу боюнча, аталган айланада 10 миңге жакын жашоочусу бар абдан ири кол өнөрчүлүктүн борбору болгон. Казуу иштери убагында шаардан бийиктиги кишинин боюндай чоң кумуралар, курал-жарак түрлөрү менен металл идиштер табылган.

МАРАТ КАСЕНОВ, АРХЕОЛОГ:

- Актөбө-Лаэти калаасы үч маданий кабаттан турарын аныктадык. Ал 14-кылымдын башынан 15-кылымдын аягына чейин өмүр сүргөнү тастыкталды. Ошондой эле аталган шаар Азия менен Европаны байланыштырган Жибек жолунун боюндагы кербен сарайлар шаары болгондуктан, Актөбө-Лаэти шаары өркүндөп-өсүп, жогорку маданий деңгээлге жеткен.

Жергиликтүү археологиялык экспедиция комплекстүү жумуштарды 2017-жылдан бери жүргүзүп келет. Казуу жумуштарынын алкагында байыркы шаардан ондогон кызыктуу жерлер аныкталган. Алардын ар биринде айнек жасоого, темир эритүүгө арналган 2-6 меш болгон. Ошондой эле, карапа буюмдарды жасай турган бөлмөлөр да табылды.

АЙГҮЛ РАМАЗАНОВА, АРХЕОЛОГИЯЛЫК ТОПТУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казуу жумуштарынын алкагында жабыштырыла турган плиталардын табылуусу, бул ошол казуу жайында чоң үйдүн, имараттын болгондугун жана архитектуранын өрчүгөндүгүн, ошол кезеңге таандык өнүккөндүгүн көрсөтөт. Абдан жогорку деңгээлде болгон.

Белгилей кетсек, аталган байыркы шаар өлкөнүн мамлекеттик тарых жана маданий эстеликтеринин тизмесине киргизилген. Келечекте аймагы 4 гектарды ээлеген байыркы шаардын орду курчалып, ушул айланадан ачык асман алдында музей ачуу мерчемделген.

Фото: assembly.kz