100 казакстандык студент Францияда окуудан өтөт

100 казакстандык студент Францияда окуудан өтөт

Казакстандын 100 студенти франциялык эң алдынкы университеттерден окуудан өтүшөт. Мындай мүмкүнчүлүктү Казакстан менен Франциянын ортосундагы “Абай-Верн” стипендиялык программасы түзүп берүүдө. Быйылкы жылы комиссия тарабынан жалпысынан 280 талапкер каралган. Эске салсак, программа жыл сайын Францияда француз же англис тилинде окутуу үчүн стипендия берет: 90 орун - магистратура үчүн жана докторантура үчүн - 10 орун. Адистикти тандоо чектелген эмес. Азыркы учурда бул Европа мамлекетинде 650 казакстандык окуп жатат. Ошентип, экинчи жылы "Абай-Верн" стипендиясы Франциядагы ата мекендик студенттердин санын көбөйтүүгө өбөлгө болот.

ФИЛИПП МАРТИНЭ, ФРАНЦИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Ар бир стипендияга 3 талапкерден туура келет. Бул быйылкы жылдын чоң жетишкендиги. Ошондуктан ушундай көп олуттуу талапкерлер болуп жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, стипендия алган студенттердин көпчүлүгү Францияда илимий - техникалык багытта окуйт жана бул абдан маанилүү. Себеби, бул өнөктөштүк артыкчылыктары менен дал келет.

Ошону менен бирге, Казакстан менен Франциянын кызматташтыгы алкагында тогуздун айында билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү маселелердин урматына форум өткөрүү пландалууда. Алматы жана Нур-Султанда эки өлкөнүн серепчилери окуу тажрыйбасын жана методикасын, мындан сырткары билим берүү сиситемасындагы санариптештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

ЛОР КАСТЕН, ФРАНЦИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИНИН МАДАНИЯТ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КЕҢЕШЧИСИ:

- Эң башкысы - бул эртең иштөө үчүн кандай компетенциялар керек экендиги жөнүндө ой жүгүртүү. Сиз билесизби, азыр дүйнө тез өзгөрүп жатат, биз азыр 10, 20, 30 жылдан кийин кандай адистиктер пайда болорун билбейбиз. Ошондо азыр дүйнөнүн өзгөрүүлөрүнө көнүш үчүн жаштарды даярдоо керек. Бул абдан маанилүү.

Фото: kaznu.kz