Нур-Султан шаарында казак диаспорасынын балдарына арналган жайкы мектеп ачылды

«Улуу талаа урпагы». Ушундай аталыш менен Нур-Султанда чет өлкөдөгү казак диаспорасынын балдарына арналган жайкы мектеп ачылды. Тарыхый мекенинин бүгүнкү көрүнүшү менен таанышуу үчүн башкы шаарга Орусия, Иран, Моңголия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 12-17 жаш аралыгындагы 150 жеткинчек келген. Алыста жүргөн казакстандыктардын көпчүлүгү ата журтунун топурагын биринчи жолу басышты. Алар эки жума бою эне тилин жетилдирип, өлкөнүн тарыхы жана казак элинин каада-салттары тууралуу кенен маалымат ала алышты. Борбордун символуна айланган маданий, тарыхый объекттери менен таанышышты. Ошондой эле, аларга робототехника, дизайн, лидерлик менен чечендик жөндөмүн өрчүтүү боюнча тренингдер менен ата кесиби болгон кол өнөрчүлүктү үйрөнүү үчүн чеберчилик сабактар өтүлдү. Белгилей кетсек, жайкы мектеп «Отандастар» фонду жана Дүйнөлүк казактар ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулду.

ЖУЛДЫЗ СҮЛЕЙМЕНОВА, НАЗАРБАЕВ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕКТЕПТЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Эң башкы максат – туулган жерине, Ата журтуна болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимдерин жогорулатуу. Аны менен катар, эне тили менен Казакстан тарыхын өздөштүрүүгө академиялык колдоо көрсөтүү.  Жалпы жайкы мектептин программасында домбраны үйрөтүү, кийиз басуу, килем токуу сыяктуу кол өнөрчүлүк ийримдери бар.

SHADKAM ALLAHNIAZ, ЖАЙКЫ МЕКТЕПТИН КАТЫШУУЧУСУ / ИРАН:

- Ирандан келген казакмын. Бул менин Казакстанга болгон алгачкы сапарым. Менин максатым өз тарыхымды, тилимди билип, өз өлкөмдү көрүү. Мен үчүн кыял болгон Казакстанымда, өз өлкөмдө окуп, эли-жеримди көрүү үчүн келдим.

Фото: jebeu.kz