Казакстандык дарыгерлерге клиникалык медицина боюнча дүйнөлүк маалыматтар жеткиликтүү болот

Казакстандык дарыгерлер үчүн клиникалык медицина боюнча дүйнөлүк маалыматтар базасы жеткиликтүү болот. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дүйнөлүк медициналык билим таратуучу алдыңкы британиялык компания менен меморандум түздү. Үч жылга мерчемделген келишим документине ылайык жергиликтүү дарыгерлер онлайн режимде өз билимин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ага керектүү бардык маалымат атайын кошумча портал аркылуу жеткиликтүү. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты эл аралык тажрыйбалар жергиликтүү бейтаптарга сапаттуу ыкмаларды колдонуп, инфекциялык ооруларды эрте кезинде аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Британиялык портал жумуш жараянынан алыстабастан окуу курстарын өздөштүрүүгө ыңгайлуу кылып түзүлгөн.

ЭШЛИ МАККИММ, БРИТАНИЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК   ӨНӨКТӨШТҮК БОЮНЧА МҮДҮРҮ:

- Бардык жараян онлайн түрүндө өтөт. Дарыгерлер менен медициналык кызматкерлерге портал аркылуу интернеттен жумушуна тиешелүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет. Ушундай шарттарда өздөрүнүн билимин жогорулата алат. Бизде орус жана англис тилдеринде ар түрдүү окуу программалары түзүлгөн. Алар аркылуу инфекциялык ооруларды эрте аныктоого үйрөнөт.

САУЛЕ СЫДЫКОВА, РК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН ДЕПАРТАМЕНТ МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Дарыгер өзүнө ыңгайлуу убакыт таап заманбап медицинанын жаңычылыктары, илимий жумуштар, өз тармагына тиешелүү интернет ресурстар менен таанышып тажрыйба жүзүндө киргизе алат. Ал үчүн атайын порталга катталуу керек. Ал жердеги аракеттерди көзөмөлдөөгө болот. Ушунун баары дарыгерлерибизге өз билими менен кесиптик чеберчилигин жогорулатууга себеп болот.

Фото: dsm.gov.kz