Нур-Султан – Токио аба каттамы иштей баштады

Нур-Султан – Токио аба каттамы иштей баштады

Казакстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташтык жигердүү түрдө өнүгүп келе жатат. 2018-жылы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 2 миллиард долларга жеткен. Эки өлкөнүн борборун жакындаткан аба багыты эки өлкө ортосундагы карым-катнашты жаңы тепкичке көтөрөт. Ортодо турист алмашуу өсүп, ишкердик жана эс алуу сапарлары көбөйөрү анык.

РУСТАМ ГАББАСОВ, АГА УЧКУЧ:

- Бүгүн Нарита аба майданына кондук. Аба ырайынын ыңгайсыздыгына карабастан, баары ийгиликтүү өттү. Аба майдандын жумушу, навигациялык жана диспетчердик кызматтын бардыгы жогорку деңгээлде.

КРИСТИНА ШИШКИНА, БОРТ КОШТООЧУСУ:

- Токиого биринчи жолу учкандыктан бир аз толкундануу болду, ошентсе да бардыгы ойдогудай өттү. Жолго чыгардын алдында атайын даярдандык, бул жердин маданияты менен тааныштык.

Нарита эл аралык аба майданы Жапонияда сапар жасай турган жүргөнчүлөрдүн саны боюнча экинчи орунда турат. Токио борборунан болгону бир сааттык алыс жерде жайгашкан. Азыркы тапта «Нур-Султан – Токио» каттамы ар ишемби күнү ишке ашырылат. Ал эми күзгө карай бул багытты жумасына эки жолу учуруу мерчемделип жатат.

ВЛАДИМИР СЫТНИК, АБА КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Оор болгон жок. Ар бир өлкөнүн өз тартиби бар. Биз ага баш ийип, бардыгын өз убагында аткарып жаттык. Узак убакыт учтук. Ушул рейс аркылуу алдыдагы убакытта өлкөбүзгө Жапониядан жана тескерисинче Казакстандан Жапонияга агыла турган саякатчылардын катары алгылыктуу өсүшү мүмкүн.

Боинг-757 учагы 200дөн ашуун жүргүнчү ташый алат. Божомол боюнча, күз айларына карай рейстер 80 пайызга чейин толуусу керек. Ал эми, бир жылдан кийин бул багыт коммерциялык пайда алып келүүсү мүмкүн.

Фото: businessfm.kz