НАСАнын астронавты Казакстанда болду

НАСАнын астронавты Казакстанда болду

Космосту изилдөө – адамзаттын келечеги. Муну дарыгер Мэри Эллен Вебер ишенимдүү айта алат. НАСАнын мурдагы астронавты Казакстанга визит менен келди. Анын айтымында, бул өлкө өз тарыхында түбөлүккө жазылып калды. Дал ушул жерде адамзат биринчи жолу космоско учкан. Дарыгер Вебер өзү эки жолу көк асманга сапарга чыккан. 1995-жылы кеменин бортунда Дискавери менен 2000-жылы Эл аралык космостук станцияга учуп келген. Мындан тышкары Мэри Эллен Вебер парашют спорту менен алектенет жана ал өзүнүн жашоосунда 5 миңден ашык секирүүнү ишке ашырган. Астронавт аял көздөгөн чоң максатка жетүүдө артка кылчайбоого кеңеш берет.

МЭРИ ЭЛЛЕН ВЭБЕР, НАСАНЫН МУРДАГЫ АСТРОНАВТЫ:

- Мен алектенип келген жумуш, мурда негизинен эркек адамдардын иши болгон. Бирок мен буга көңүл бурбай, жан дүйнөм каалаган адистикти тандадым. Окумуштуу болдум, автронавт болдум, скайдайвинг менен алектенгим келген, муну да оздөштүрүп алдым.

Фото: pinterest.com