Казак журналисти «Жылдын аялы» аталды

Казак журналисти «Жылдын аялы» аталды

Казакстандык журналист Акмарал Баталова Лондондо эл аралык WinTrade сыйлыгын жеңип алды. Ал «Хабар» Агенттигинин тапшырмасы боюнча Сирия чыр-чатагы тууралуу жасаган репортаждары жана тасмалары үчүн «Жыл аялы» наамы менен сыйланды. Акмарал Баталова Сириядагы чыңалууну изилдеп, Астана жараяны боюнча баяндама-макалаларды жазып келет. Өз жумуштарында ал тынчтык сүйлөшүүлөргө катышуучу бардык тараптардын көз карашын көрсөтөт.

АКМАРАЛ БАТАЛОВА, ЖУРНАЛИСТ:

- Сирия эли бизди абдан жылуу кабыл алды. Аялдар көчөдө жаныбызга келип, мени бетимден сылап, өөп, алкыш айтышты. Анткени алар мени чет өлкөлүк экенимди түшүнүштү. Дамасктагы такси айдоочулар бизден жол акы алышкан жок. Бизди алар жакшы жышаан катары кабыл алышты. Эгерде чет өлкөлүк аял өлкөгө келсе, туристтер кайра кайтат деп ойлошот.

WinTrade эл аралык уюмун 1996-жылы британиялык бизнес-айым жана Британ империясынын Эң жогорку орденинин кавалери Ивонн Томпсон негиздеген. Уюмдун жумушу аялдардын ар түрдүү тармактарындагы ишмердүүлүгүн  колдоого багытталган. Казакстандык алган олжо башкача ой жүгүртүп, көнүмүш жумуш мейкиндигинен аша алган, аялдардын жана аз таанылган коомчулуктун кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдеген назик жандарга берилет. Ал эми, Акмаралды cыйлыкка Улуу Британия Парламентинин Лорддор палатасынын бир топ өкүлү сунуштаган.

АКМАРАЛ БАТАЛОВА, ЖУРНАЛИСТ:

- Улуу Британия коомчулугун кызыктырган эң башкы маселе – өз репортаждарымда Сириянын өзүндө жашаган ачкачылык менен сууктан, согуштун бардык кыйынчылыктарынан, терроризмден жапа чегип, согушуп, өлкөнү бутуна тургузуп жаткан адамдарга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергеним маанилүү болду деп ойлойм.

Сыйлоо аземи бир жумага созулган WinTrade Week  форумунун эң негизи болду. Быйылкы форумдун темасы – «Экономикадагы аялдар санариптик технологиялар жана жасалма интеллект кылымында». Үстүбүздөгү жылы WinTrade сыйлыгына 20 аталма боюнча дүйнөнүн 500 аялы ат салышса, онлайн добуш берүүгө 11 миңден ашуун адам катышкан.

Фото: yenicag.ru