Нур-Султанда Улуттук стартап долбоорлор сынагы өттү

Нур-Султанда РК Биринчи президенти Эл башы фондунун колдоосу менен стартап долбоорлордун Улуттук сынагы өттү. Иш-чара Astana Innovations Challenge масштабдуу стартап-долбоорлордун алкагында уюштурулду. Сынакка 80ден ашуун өтүнмө келип түшүп, анын 40 тандоодон өттү.

БЕКТУРОВА МАЛИКА, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча 10 финалист тандалып алынды. Эми алар «Seedstars»дан, бизден жана Казакстандын Биринчи Президентинин фондунан колдоо алышат. Биз ушундай сынактардын аркасында жеке эле долбоорлорго инвестицияны жогорулатууга эмес, бизнести өрчүтүүгө да салым кошуп жатабыз.

Уюштуруучулар жеңишке жеткен долбоорлорду мындан ары колдоого даяр. Сынактын жеңүүчүлөрү Борбор жана Чыгыш Европа, Борбор Азия ортосундагы аймактык Seedstars саммитине жана үч айлык окутуу программасына катыша алат. Белгилей кетүүчү жагдай, азыркы тапта борбор инновациялык долбоорлорду даярдооо жана киргизүү боюнча жаңы    идеяларды генерациялоо чордонуна айланды. Аталган сынак Нур-Султанда быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат.   

Фото: astanaic.kz