Нур-Султан – дүйнөнүн эң жаш борбору

Казакстанга келген АКШнын ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Нур-Султандын жигердүү өнүгүп жатканы таң калтырат. Нью-Йорктун юристи Мэнни Аликандро белгилегендей, акыркы жылдары Казакстан-Америка мамилеси стратегиялык өнүктөштүккө чыкты. Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн мындай сапаттуу деңгээлине чыгышына экономикалык кызматташууда жогорку жетишкендиктер саналат. Мындан тышкары, АКШдан Казакстанга келген инвестиция көлөмү өсүүдө, ал эми ишкердик чөйрө бир гана энерготармакка эле эмес, АЭКБнын ишине катышууга кызыктар.

МЭННИ АЛИКАНДРО, АДВОКАТ / АКШ:

- Мен Массачусетс технологиялык институтунан магистр даражасын алдым. Ал жакта мен Казакстандык досторду таптым. Алар мени Гарвард жана Стэнфорддогу башка казактар менен тааныштырды. Мен Казакстанда болгонума жана анын өнүгүп жатышына, айрыкча “Астана” эл аралык каржы борборуна таасирлендим. Бул болуп көрбөгөндөй өнүгүү. АЭКБнын ачылышы келечек үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Казакстандын жаш борбору өзгөчө макамга ээ болду. Бул – өлкөнүн саясий, каржы жана маданий борбору. Бул жерде чет элдик меймандардын катышуусунда масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт жана дүйнөнүн бардык жеринен туристтер келет. Архитектуралык курулуштун көптүгү - борбор калаанын меймандары белгилеген биринчи нерсе. Акордо, Байтерек, тынчтык жана келишим сарайы, Хан-Чатыр, Хазрет Султан мечити. Булардын бардыгы мегаполистин визиттик карточкасы болуп калды.

РОБЕРТО АЗЕВЕДО, ДСУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Мен сиздердин борборго абдан таасирлендим. Бул абдан заманбап жана ыңгайлуу жайгашкан шаар экен. Бул ири өлкөнүн борбору болууга татыктуу. Мен анын калыптанышы жана өнүгүшү үчүн көп иштер жасалган деп эсептейм. Чоң шаарларды долбоорлоо, өнүктүрүү жана анын өмүрүн сактоо кыйын. Мен жогоруда белгилегендей, ал жакта эки жолу болдум жана абдан таасирлендим. Мен Казакстан элин, айрыкча Нур-Султандын жашоочуларын борбор күнү менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм.

Фото: Хабар 24